"Samsung" компаниясы кызматкерлерине кокустан 105 миллиард долларлык акциясын которуп алган
"Samsung" компаниясы кызматкерлерине кокустан 105 миллиард долларлык акциясын которуп алган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, мындай катачылыкка Samsung`дун Түштүк Кореядагы "Samsung Securities Co" брокердик компаниясынын кызматкери жол берген. Белгилүү болгондой, компанияда акциясы бар кызматкерлерге 0,93 доллар которулушу керек болчу, бирок брокер жаңылышып, ар бирине "Samsung Securities Co`нун" 1000ден акциясын которуп салган. Жаңылып жөнөтүлгөн акциялар 105 миллиард долларды түзгөн. Мындай акцияны компаниянын 2 миңдей кызматкери алган. Брокердик компания жаңылып калганын 37 мүнөттөн кийин көрүп, берилген акциялар жабылган. Бирок ага чейин 16 кызматкер акцияларды сатып жибергенге үлгүргөн.
Бул катачылыктан улам компаниянын баалуу кагаздарынын баасы 6 мүнөттүн ичинде 12 пайызга арзандап, чоң чыгымга алып келген. Учурда кызматкерлердин баарын каржылык башкармалык текшерүүгө алып жатканы маалымдалат.
3
1 |

Супер-Инфо
super.kg видео

















