Тогуз-Торо районунда да митинг уланууда



Бүгүн, 17-апрелде Тогуз-Торо районундагы администрациянын алдында да митинг өтүп жатат. Ага жалпы миңге чукул эл катышып жатканын SUPER.KG'ге район тургуну Токтобек Сариев кабарлады. Анын айтымында, алар милиция кармап кеткен 15 тургунду бошотууну талап кылышууда.
"Түшкө жуук жалпы 2 миңдей киши чогулуп талаптарыбызды айтканбыз. Кийин элге район акиминин орун басары Айбек Кожошев чыгып сүйлөп, "күтө тургула, Бишкектен жооп келсин" деп койгон. Элдин жарымы тарап кетип, азыр кайрадан чогулуудабыз. Бул жерде камакта отургандардын балдары ыйлап жатат. Менин да аялымды алып кетишкен. Кызым 1 жарым жашта болгондуктан эмчек эмчү, апасын издеп ыйлап жатат", - деди Сариев.
Ал эми райондун дагы бир тургуну Иманалы Алмамбетов милиция 15 адамды алдап алып кеткенин айтты.
"Милиция 15 адамды "кагазга кол коёсуңар" деп эле Бишкекке салып кетиптир. Азыркыга чейин дайыны жок. Балдар эмне күнөө иш жасаганын билбей жатабыз. Алардын арасында менин да балам бар. Көпчүлүгү окуучу, колунда жок адамдардын балдары. Ошондуктан администрациянын алдында турабыз. Бирок бизге так жооп берген адам жок болууда", - деди Алмамбетов.
Учурда Бишкектеги Ак Үйдүн алдында да аталган райондун 100гө чукул тургунунун катышуусунда митинг өтүп жатат. Алар 15 адам чыгарылмайынча кетпей турганын айтышууда.
Айта кетсек, буга чейин Тогуз-Тородо миңден ашуун адамдын катышуусунда митинг болгон. Алар аймактагы алтын ылгоочу комбинаттын курулушу токтотулуусун талап кылышкан. Митингдин жүрүшүндө алтын ылгоочу комбинаттын имараты өрттөлүп, ыргытылган таштан 3 милиция кызматкери жана жергиликтүү тургун жаракат алып ооруканага кайрылган. Кийин бул окуяга байланыштуу райондун акими кызматынан алынган.
Тогуз-Тородо кармалгандардын балдары








1 |