super.kg logo

Кытайдын элчиси "Жогорку Кеңештеги биз тууралуу айтылган сындар бизди капа кылууда" деп айтканы белгилүү болду

 
Кытайдын Кыргыз Республикасындагы элчиси Ци Даюй

Бүгүн, 17-апрелде Жогорку Кеңештеги "Республика-Ата Журт", "Ата Мекен", "Өнүгүү-Прогресс" оппозициялык фракциялары өкмөттүн 2017-жылдагы ишмердүүлүгү боюнча отчётун карап жатат.

Анын жүрүшүндө "Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери Жыргалбек Турускулов өкмөттү сынга алды. Ал премьер-министр Сапар Исаковго кайрылып, өкмөт убадалаган иштерди толук аткара албаганын айтты. "Лиглас" деген алдамчы компанияга алданып калдыңыз, "Акылдуу шаар" долбооруңуз толук ишке ашпай жатат, "Мегакомду" да сата алган жоксуз, Бишкек ЖЭБи боюнча кол алдыңыздагы кызматкерлер алдашты, 386 миллион доллардын кайда кеткенин көзөмөлдөгөн жоксуз. Эртең аны биздин балдар төлөөгө мажбур болот", - деди Турускулов.

Сапар Исаков ага жооп кылып: "Сиз мени премьерликте 4-5 жылдан бери отурат деп ойлоп калдыңыз окшойт. Сиз мага 4-5 жылдык мөөнөттөгү иштер боюнча сын айттыңыз. "Акылдуу шаар" боюнча иш эми башталды, алдыда 2 жылдык мөөнөт бар, бизге убакыт бергиле.

ЖЭБ боюнча териштирүү иштери бүтсүн, азырынча катуу айтпай турсак. Кытайдын элчиси биздин тышкы иштер министрине келип, "Жогорку Кеңеште биз тууралуу сындар айтылып жатыптыр, бизди капа кылып жатасыңар" деп айтыптыр. Бул боюнча Эрлан Абдылдаев тастыктап берет", - деди Исаков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(4)
17.04.2018. 19:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мунусу кандай болду эми. 386 млн $ дайынсыз жоголуп жатса деле териштирууго мумкун эмеспи. Акыры аны биз толойбуз го кытайга. Бул кытайдын бизге басымы эле.
17.04.2018. 20:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Башталды...
17.04.2018. 22:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Буйруса алдыда дагы 2 жылдык мөөнөт бар дейт го.
17.04.2018. 23:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Таарынса таарына беришсин эмне акчаны батага берип жатты беле!!!чогу иш алып барганга жараша честно иштешиш керек 'атишти' 600$сатпай !!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: