super.kg logo

УКМК: "Электр станциялары" ишканасынын мурдагы башчысы Авазов менен анын орун басары кармалды"

 

Жалал-Абад шаарынын мэри, "Электр станциялары" ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов жана анын мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-апрелде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, алар Бишкек ЖЭБдеги өндүрүштүк кырсыкка байланыштуу кылмыш иши боюнча кармалды. "Салайдин Авазов менен Жолдошбек Назаров УКМКнын тергөө абагына камалды. Тергөө иштери жүрүп жатат", - деп билдиришти.

Эске салсак, 26-январда Бишкек ЖЭБинде авария болуп, шаардагы үйлөргө берилген жылуулук 7 күнгө төмөндөгөн. Мындан улам бир жыл мурун Кытайдан алган 386 миллион доллар менен жаңыланган ЖЭБге карата сын-пикирлер күчөгөн.

Буга чейин "Электр станциялары" ишканасынын башкы директору Узак Кыдырбаев УКМК тарабынан кармалган. Ошондой эле ишкананын техникалык директору Алмаз Жусупбеков, ишкананын жетекчисинин мурдагы биринчи орун басары Бердибек Боркоев, "Электр станциялары" ишканасынын модернизациялоо тобунун жетекчиси Темирлан Бримкулов да кармалгандыгы маалымдалган.

Ал эми 30-январда Башкы прокуратура Бишкек жылуулук электр борборундагы өндүрүштүк кырсык боюнча кылмыш ишин козгогон. Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 316-беренеси (шалаакылык) менен кылмыш иши козголгону маалымдалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(14)
17.04.2018. 22:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Январдан бери көп эле коррупциялашкан адам кармалып жатат,ошолорду эмне кылып жатасыңар?Сот жообуна тартылып жатабы же жокбу?Супер инфо ошол кармалган адамдардын списокторун бир бурчка тиркеп койбойсуздарбы.Эмне болуп жатканы жөнүндө билип туралы.
17.04.2018. 22:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Бул дагы ооруйт эми кан басымы көтөрүлүп доктурга түшөт
17.04.2018. 22:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Kojosh80,кошулам сөзүңүзгө
17.04.2018. 22:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чиновниктердин 99.99% ооруп калат кармалгандан кийин. Кармалганга чейин дени соо сак саламатта жүрүшөт.
17.04.2018. 23:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чиновниктердин 90 пайызы журок оорулу болот себеби жалган жалаа менен деле опузалап прокуратура иш козгойм дей берип оорулу кылып салышат.Корупциялык иштерге турткондор прокурор,сот,ИИМ,финпол куч структуралары акча алыш учун баарын оорулу кылып салышат.
17.04.2018. 23:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Авазов ото байлыкты жыйып койгон. Мультимиллионер киши.
17.04.2018. 23:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Авазов жалал абадда жакшы иштерди кылган мэр
18.04.2018. 01:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ma9, эмнени кыйратты, факт менен суйлочу?!! Азыр Жалал-Абаддан айылдын кочолору таза, иреттуу, жакшы... Гулдой болгон шаар коз коруно таштанды шаарга айланып бара жатат...
18.04.2018. 01:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мурдакы жумушу тууралуу билбейт экенбиз, бирок Авазов Жалал-Абадта мэр болуп тургандан бери жакшы иштеп жаткан эле.
18.04.2018. 01:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
basyz-kaman, койчу жомогунду... Шаардын кочолорун бир кара... Шаар ичи болсо бардак...

Мэр базарлардын ичин тартипке келтирип пожарный машине кируусуно шарт тузушу керек эле МЧСтен эскертуу болгон сон...

Кыскасы бул адам мэр болуп эч нерсени кыйратпады...
18.04.2018. 08:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Адамды бетинен эле билсе болот.Бул жейм жейм жеейм деп эле турбайбы.
18.04.2018. 08:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Авазовко бираз убакыт берсе Жалал-Абадты оңдоп койот, жакшы иштеп жатат.
18.04.2018. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
keba300989, дагы канча убакыт керек Авазов "тоюш" учун?!! Канча жылдан бери мэр, кана эмне иш кылды, эмнени кыйратты?!!
19.04.2018. 03:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Авазов ТЭЦтен жеген акчасын Жалалабаттын депутат сооройлоруно болуп берип,анан мэрликке аттанды эледа шордуу.
Эми камалсын!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: