super.kg logo
  Спорт  

Футзал боюнча Өлкө биринчилиги: "Алга" Оштун "EREM" командасын 8:2 эсебинде утуп, финалдык серияда эсепти 1:1 кылды

 

17-апрелде Бишкек шаарындагы ден соолукту чыңдоо жана дене тарбия комплексинде (ФОК) футзал боюнча Өлкө биринчилиги - Суперлиганын финалдык сериянын 2-беттеши орун алды. Анда 1-орун үчүн беттеште бишкектик "Алга" менен оштук "EREM" кез келди.

Беттештин жыйынтыгында бишкектик команда атаандашын 8:2 эсеби менен утуп алды. Беттештин 1-мүнөтүндө "Алганын" оюнчулары 2 гол киргизгенге үлгүрдү, алгач Руслан Гафуров айырмаланса, 2-голду Файзали Сардоров киргизди. 3-мүнөттө Азат Исабеков эсепти 3:0 кылса, 5-мүнөттө Гафуров дагы бир жолу айырмаланып, эсепти 4:0 кылды. 1-таймдын соңуна 2 мүнөт калганда "EREM" 1 гол менен жооп бере алды, анда Алиа Силла 5 метр аралыктан таамай болду. 32-мүнөттө Азамат Исабеков коргоочуларды алдап өтүп командасынын 5-голун киргизди. Буга "ЕREM" 38-мүнөттө Адилет Култаевдин голу менен жооп кайтарса, 39-мүнөттө "Алга" Саламат Мамбеталиевдин жана 40-мүнөттө Элбек Иманалиевдин голдору менен 8:2 эсебинде утуп алды. Муну менен "Алга" командасы Суперлиганын финалдык сериясында эсепти теңдеди - 1:1.

Эске салсак, 16-апрелде "EREM" командасы "Алганы" 4:2 эсебинде жеңип алган.

Айта кетсек, финалдык серияда командалар 3 жеңишке чейин беттешмекчи, серия 22-23-апрелде "EREM" командасынын оюн талаасында орун алмакчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: