super.kg logo

"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Курулуш башкармалыгы: "Канализация түтүктөрү орнотулган соң курулуш ченемдери сакталбагандыктан тротуарлар жарактан чыккан"

 

Канализация түтүктөрү орнотулган соң курулуш ченемдери сакталбагандыктан тротуарлар жарактан чыккан. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек шаардык мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынан билдиришти.

"Бишкек шаарынын Арча-Бешик конушунда жайгашкан Даркүл Күйүкова көчөсүндө эч кандай уруксатсыз канализация түтүктөрү орнотулган. Күз айларында аталган жерде жолдорду оңдоо иштери жүрүп жаңы тротуарлар салынган. Бирок көп убакыт өтпөй тротуарлар жарактан чыккан. Алардын жарактан чыгышынын себеби түтүктөр орнотулган соң ал жерлерде курулуш ченемдер сакталбай, шагыл тыгыздалбастан кайра көмүлгөн. Ошол себептен ал жердеги жерлер чөгүп кеткен", - дейт башкармалык.

Учурда тротуарды кайрадан оңдоо үчүн тургундар менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатканын башкармалык кошумчалады.

Эскерте кетсек, "Бишкектеги Арча-Бешик конушундагы тротуар жыл өтпөй жарактан чыкты" деген билдирүүсүн окурман "Соңку кабар" бөлүмүнүн "Элдик кабар" рубрикасына жөнөткөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: