super.kg logo
  Спорт  

Футзал боюнча Өлкө биринчилиги: Бишкектин "Фарватер" командасы коло медалды багындырды

 

Кечээ, 17-апрелде Бишкек шаарындагы "Алай" спорт комплексинде футзал боюнча Өлкө биринчилиги - Суперлиганын финалдык сериясынын 2-беттеши орун алды. Анда 3-орун үчүн алгачкы беттеште бишкектик "Фарватер" менен ысык-көлдүк "Мурас" кез келди.

Беттештин жыйынтыгында 4:2 эсеби менен "Фарватер" командасы жеңишке жетип, коло медалга ээ болду. Алгачкы голду "Фарватердин" оюнчусу Аслангалы Кандалинов 8-мүнөттө киргизди. Бир мүнөт соң Улукбек Орозбеков таамай болуп эсепти 2:0гө айлантты. 34-мүнөттө Кайрат Дюшеев эсепти 2:1 кылып командасына ишенич алып келсе, беттештин акыркы мүнөтүндө Дилшат Кадыров эсепти тең кылганга жетишип, командалар кошумча 10 мүнөт ойношту. 44-мүнөттө "Фарватердин" оюнчусу Каныбек Өмүрсултанов командасын алдыга чыгарып, 50-мүнөттө гол киргизип, оюнга чекит койду. Муну менен "Фарватер" командасы Өлкө биринчилигинде 3-орунду ээлеп, коло медалды тагынды.

Буга чейин, 16-апрелде командалардын алгачкы беттеши орун алган, анда дагы "Фарватер" 4:2 эсебинде жеңишке жеткен.

Эске салсак, Өлкө биринчилигинин финалдык сериясынын 1-орун үчүн Бишкектин "Алга" жана Оштун "EREM" командалары, 3 жеңишке чейин күч сынашууда. Финалдык сериянын 2 беттешинин жыйынтыгында "EREM" командасы 1 жеңишке жана "Алга" командасы 1 жеңишке ээ. Кийин беттеш 22-23-апрелде Кызыл-Кыя шаарында орун алмакчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: