super.kg logo

Интернетте мугалимдин окуучуну башка чапкан видеосу талкууга түштү

 

Социалдык тармактарга мугалимдин окуучуну башка чапкан видеосу жайылып, учурда коомчулуктун кызуу талкуусун жаратууда.

Колдонуучулар бул окуя борбор калаадагы №20-мектеп-гимназияда болгонун жазышууда. Ал эми видеону жүктөгөндөр мугалим математика сабагынан окутканын, бул көрүнүш буга чейин да кайталанып келгенин билдиришкен.

"Мен №20-мектеп-гимназиянын окуучусумун. Бул видеодо мугалим окуучуну жемелеп уруп жатканын көрүүгө болот жана бул мугалим буга чейин да ушундай кылып келген. Бул көрүнүш ар бир сабакта кайталанат, болгон үнү менен кыйкырып, окуучуларга кол көтөрүп коркутат. Гимназиянын директорунун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары мугалимдин бул жоругун орунсуз деп санабайт. Анткени тажрыйбалуу башка мугалимди табуу кыйын болсо керек", - деген билдирүүнү өзүн аталган билим берүү мекемесинин окуучусумун деп тааныштырган колдонуучу калтырган.

Социалдык тармактагы билдирүүлөрдөн:

- "Окубаса туура кылат";

- "Бул видео абалдын бир эле бөлүгү, тагыраак айтканда, ошол урган жери эле кесип алынган. Ушул учурду баштан аяк билип көрүү керек, балким, окуучуда да күнөө бар";

- "Мугалим болуу үчүн "темирдей нерв" керек. Эмгеги зор. Бирок урбаш керек болчу";

- "Эч нерсе болбойт, бизди деле толтура жолу урушкан".






Мугалим окуучуну урушуп, уруп жатат

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(43)
18.04.2018. 10:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+22
Эми ушуну дагы интернетке чыгарасынарбы. Мурунку поколение баарыбыз эле эже-агайлардан уруш жеп эле окууну бутургонбуз анын эч зыяны тийген жок лично мага же колум сынып майып болуп калган жокмун. Бул тарбия. Ошон учун класска телефон алып киргенге запрет кылыш керек.
18.04.2018. 10:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Билбейм биз убагында келтек жеп эле чонойгонбуз, антпесе кээ бир окуучулар чегинен ашып кетет да, азыркы коом кандай баалап, кандай кабыл алат билбейм бирок мугалим деле жон отурган баланы сразу келип урбаса керек, бир эки жолу эскертет, анан дагы деле укпаса какыс кукус кылып койду да
18.04.2018. 10:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Биз да мектепте окуп жургондо коп эле жолу агайлардан таяк жечубуз бети башыбыз когоруп
18.04.2018. 10:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Агай эжекелертин токмогун сагындым. Настальгия
18.04.2018. 10:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
Мектепке телефон алып киргенге тыйуу салыш керек
18.04.2018. 10:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+23
Булардын токмогундай болобу чиркин. Бизди агайлар урганда дем ала албай калчу элек. Эжейлердин колундагы бор учуп келип башка тийгеничи))) Даттанганды коюп окубайбы кысталактар. Өпкөлөрүн үзүп туруп окутуш керек, көчөдөн мушташса эч кимге айтпай жашырышат, мугалим чаап койсо ызы-чуу кылып жатып калышат.
Ali_Bolotbek түзөттү 2018-04-18 10:28:11
18.04.2018. 10:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Биздин эжейибиз класска семичка чаксак кыз-балага карабай шыпыргы сынгыча сабап полдун тешиктерине кирип кеткен семичканын кабыгын тырмагыбыз менен чукутуп тазалатчу. тапшырма аткарбай келсек топ ачкычы менен чаап урушчу. Эжекемдин ошондой тарбиясына таазим. За-то баарыбыз жакшы жерлерде окуп, тарбиялуу болуп чоңойдук.
18.04.2018. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
karakozum, азыркылар сразу интернетке чыгарып салышат. 30 окуучунун кыял-жоругуна чыдаган мугалимдерге таазим. Алар бизди жакшы болсун деп гана урушат, эх балалык кезде анын баарын тушуно бербейт экенбиз да, азыр ал кундорду сагындым(((
18.04.2018. 10:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Эч нерсе болбой Биз далай укаска менен башка.колго жедико олтурган жеринен бор менен ата урчу Азыр ошол эжекеге рахматым айтам Аллахым омурун узуун кылсын
18.04.2018. 10:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Биз деле мугалимдерден келтек жеп окуганбыз.Жаман болгон жокпуз.Балдарды ото эле бапестегендин айынан бут балээ чыгып жатат.Айканыны аткарбадыбы бир эки какыс-кукус кылып койсо эч нерсе болбойт.
18.04.2018. 10:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-19
Менин баламды бироо Уруп койсунчу ушинтип.клоун сындырып келмекмин
18.04.2018. 11:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Gulnaz.GS,энеси болушчаактын баласы ыйлаак. Жондон жон урбайт чон эле баланы. Мугалимдин жанын кашайтканда.
Биздин эжекенин чоон шакеги болчу эле ошо менен тобобузго салып окуткан. азыр эстеп суйунобуз кайпа эптеп уйронуп алган экенбиз деп.
18.04.2018. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Gulnaz.GS,мектепке жибербей уйундо окут анда. Жакшы окуган баланы эч ким урбайт ушуга жеткирди да)
18.04.2018. 10:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Кыз бала болгон үчүн келтек жебедим. Бирок ошондой уруп согуп катуу кармаган мугалимдин сабагын абдан жакшы өздөштүргөн элек. Такыр кол көтөрбөгөн мугалимдин сабагын окучу эмеспиз . Ал өзүнүн нервин кетирбей сактады. А биз болсо ,эч нерсе билбей кала бердик...
Жаман болсун деп урушпайт. Окуучунун өзундө да бар. Анан видео жүктөгөн окуучу да БУЗУКУ.
18.04.2018. 10:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эч нерсе болбойт биз аябай токмок жечубуз эч нерсе болбой эле журобуз. Кээде эрке талтан чонойгон балдар ушинтип мугалим тарбиялап коёт.
18.04.2018. 10:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мени Шекербек агай стол көтөргүзүп бурчка тургузуп койгонунстедим)
18.04.2018. 11:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
ОООуу Бизди Акан эжеке уруп журуп тарбиялаган эч нерсе болбойт ургандан, тартипсиз болсо урушатда жон эле кантип ура берсин эжекеси.
18.04.2018. 11:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Азыркы жаштар да жон эмес да,кой десе койбой бирдей айтышат.
18.04.2018. 11:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Тилдеп урушса эч нерсе болбойт,туура эмес кылсан ата энен деле урушат..
18.04.2018. 11:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эн туура кылат ошондой тартип керек болуп калды озу. Баары эле демократия деп журуп неге жетип атабыз, тартип болсо онолот элек баланы жашынын дегендей жакшы таарбия бериш керек деп ойлойм. Биздин азыркы чондор,депутатар, министирлер деле токмок жеп окууган адамдар. жаман болгон жокко.
18.04.2018. 11:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
жалан эжейинен таяк жеген тентектер комментарий жазыптыр го
18.04.2018. 11:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
modem4999, жаштыкты жаш баладай откозгондор жазып жатат . момоюп класстын бир бурчунда олтургандар эмес .
18.04.2018. 11:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Озунор келтек жегенинер башка кеп,балдарынарды ушинтип уруп жатса ким карап тура алат экен?
18.04.2018. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Баланы токмок жебегидей кылып уйдо да тарбиялаш керек эжейдин урганы эч нерсе болбойт мурун деле уруп согуп эле окуткан эч ким жаман болгон жок азыр тим эле укмуш болуп чыга калышат
18.04.2018. 12:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Молодец эже экен мен 100% колдойт элем
18.04.2018. 13:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мен кыз болуп деле бешенеме мел учуп келчу, ошентсе да акшындап кулуп кала берчум кызарып татарып. Азыр кыздар эмес балдар соз которо албай кетишет.
18.04.2018. 13:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Досканы сузчу элек го чиркин...
18.04.2018. 14:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Негизи коменттерди окуусан баарына эле баарибир окшойт, бала мектептен тарбия да, жаманды да ,жакшыны да уйронот, эгерде ушул видеодогудай зомбулуктар болсо анда балдар келечекте тартынчаак ,оз оюн айта албаган коркок болуп калат!
18.04.2018. 14:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ferdews,бала мектептен эле уйронот деген болбойт, баланы биринчи уйдон уйротуш керек. Кээ бир балдарды ата-энелери контрольдобойт. Иши кылып барып келсе болду. Уйдон тапшырмаларын аткартып, кошумча сабак окуган балдарды мугалимдер деле котормолойт. Жакшы окуган бала эч качан тартынчак болбойт.
18.04.2018. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ырас кылыптыр,уйдо 4 балабыз нервибиз чыдабайт анан,30 баланы тынчтантып,анан ага сабак да откон мугалимге ырахмат. Мектептеги келтектен эч Ким олуп кала элек
18.04.2018. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул окуучуну эмнеге уруп жаткандыгын жана мугалимдин түйшүгүн,эмгегин мугалим болуп мектепте иштеген адам гана түшүнөт.Үйдөгү эки-үч балаңар шоктонгондо кандай жиниңер келээрин билесинер.Класста 30 окуучуну элестете бергиле.
18.04.2018. 18:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менин кесибим мугалим. Мугалим баланы урушуп чапканга эч акысы жок. Мугалим урушпай жай тушундургонго милдетуу
18.04.2018. 19:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ой чын айтасыздар мугалимдерден келтек жеп эле окуганбыз. эми албетте сабак аткарбаса далдайып олтура берсе жаны кашшаят да мугалимдин да. бир айтат эки айтат ага болбосо уруп койгондур.
19.04.2018. 00:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коп болбосода биздин заман дейин)) биздин замандада урушуп уруп мектептин ар бир класстын укаскасы болчу какшата чапкан
19.04.2018. 11:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
карагылачы мугалимдин канча нерви кетип урушуп жаткандыгын. ошондо да окушпайт. Жон эле кочуруп жазгыла деп 45 мунот откоруп чыгып кетсин, ошондо кыйын чыгышат, ошондо кыйын болот биздин келечек. Бул мугалимдин кайра жумушка келуусун талап кылган акция болсо жакшы болмок
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: