Жалаяк, малдын тарпы, айнек... Таштандыдан арылбаган Ак-Бууранын жээктери










"Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясынын жээктерин таштандыдан арылтуу маселеси курч болуп турат", - деп маалымдады Мамлекеттик техникалык-экологиялык инспекциясынын маалымат кызматы.
Маалыматка ылайык, мындай абалдын жаралуусуна Ак-Буура дарыясынын жанындагы айрым айылдык кеңештер өздөрүнүн аймагындагы таштандыларды тазалоо, иретке келтирүү, ишембилик өткөрүү иштерин колго албагандыгы себеп болгон. Натыйжада акыр чикирлер жайылып, тазаланбай, шаардын көркүн бузуп, жарандарга жагымсыз жагдай жаралууда.
"Маселен Мамэкотехинспекциянын Ош шаардык башкармалыгынын текшерүүсүндө, Ош шаарынын Сулайман-Тоо-3 аймактык кеңешинин карамагындагы жерлерде таштандылар иретсиз төгүлүп, Ак-Буура дарыясына жакын жерде ташталып кеткендиги аныкталган. Башаламан жайгашкан таштандыга жакын жерде үйлөр жана соода жайлары орун алган. Тез аранын ичинде аталган аймакты иретке келтирүү иштери жүрбөсө, чогулган таштанды Ак-Буура дарыясын булгап, жарандар арасында жугуштуу оорулардын күчөп кетүүсүнө алып келүүсү мүмкүн", - деп жазылат маалыматта.
Анда белгиленгендей, таштандынын арасында мал жандыктардын тарпы, терилери да көп. Инспекторлордун айтымында, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн кээ бирлерине бир нече жолу эскертүү, түшүндүрүү иштери жүргөнү менен, инспекторлордун койгон талаптарын тоготпой келишкен.
"Бул ирет Мамэкотехиснпекциянын адистери Ак-Буура дарыясынын жээгиндеги иретсиз ташталган таштандыны тазалабаган Сулайман-Тоо-3 аймактык кеңешинин жетекчилигине мыйзам чегинде катуу чара көрүү үчүн материалдарды даярдоодо", - деп кошумчаланган маалыматта.


Саламатсызбы! Сизге купуя кат жиберилди.