"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Мамэкотехинспекция: "Ош шаарында жайгашкан "Полипласт" заводу боюнча тийиштүү документтерди укук коргоо органдарына өткөрүп беребиз"
Ош шаарында жайгашкан желимди кайра иштетүүчү "Полипласт" заводу боюнча тийиштүү документтерди укук коргоо органдарына өткөрүп беребиз. Бул тууралуу бүгүн, 18-апрелде SUPER.KG порталына Мамлекеттик техникалык жана экологиялык инспекциясынын Ош шаарындагы башкармалыгынын ага инспектору Айдарбек Матысапов билдирди.
Маалыматка ылайык, Ош шаарындагы Курманжан датка менен Навои көчөлөрүнүн кесилишине жакын жерде жайгашкан желимди кайра иштетүүчү заводдон жагымсыз жыт жана түтүн келип жатат деген арыз менен жергиликтүү тургундар инспекцияга кайрылышкан.
"Инспекцияга Сулайман-Тоо аймактык кеңешинин жашоочулары "Полипласт" ишканасы боюнча арыз менен кайрылышкан. Мындан улам 2018-жылдын январь айында биз ишкананы текшерүүгө алганбыз. Текшерүүнүн жыйынтыгында кемчиликтер, мыйзам бузуулар катталып, акт түзүлгөн. Актынын негизинде кемчиликтерди жоюу тууралуу жазма буйрук берилген. Аталган буйрукту аткаруу үчүн февраль айына чейин убакыт коюлган. Бирок февраль айында ишкананын жетекчиси сапарда болуп мөөнөттү узартып берүүнү суранган. Буга байланыштуу текшерүү март айында жүрүп анын жыйынтыгында жазма буйруктун 2 пункту аткарылбагандыгы аныкталган. Бул боюнча акт түзүлгөн, бирок ишкананын жетекчиси ага кол коюудан баш тарткан", - дейт Матысапов.
Азыркы тапта инспекция тийиштүү материалдарды чогултуп жаткандыгын жана жакынкы күндөрү укук коргоо органдарына өткөрүлүп бере тургандыгын инспектор кошумчалады.
Эске салсак, "эртеден кечке заводдон кара түтүн чыгып турат. Жакын жайгашкан үйлөрдүн жашоочулары резина жыттанган түтүн менен дем алып калдык" деген билдирүүсүн окурман "Элдик кабар" рубрикасына жөнөткөн.



1 |