Жогорку Кеңеште Дамирбек Асылбек уулунун ордуна келген депутат Руслан Чойбеков ант берди
Бүгүн, 18-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында "Кыргызстан" фракциясына депутат болуп келген Руслан Чойбеков ант берди. Ал Казакстанда кармалган Дамирбек Асылбек уулунун ордуна келди. Дамирбек Асылбек уулунун кош жарандуулугу аныкталып, тийиштүү мекемелерден документтер келгенден кийин, БШК 16-апрелде Дамирбек Асылбек уулунун депутаттык ыйгарым укуктарын токтотуп, анын мандатын Руслан Чойбековго берген.
Айта кетсек, Руслан Чойбеков 1979-жылы туулган. Ал буга чейин Токмок шаарындагы камволдук-жип ийрүү фабрикасынын башчысы жана ишкер Шаршенбек Абдыкеримовдун агрокорпорациясына кирген ишканалардын биринде башчынын орун басары болгону белгилүү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

