Айдай Чоноева: "Базар-Коргон базарындагы сатуучулар арасындагы чырды басуу үчүн барып, чагымчылдыкка кабылдым"
Буга чейин Базар-Коргон базарындагы Чинара Гуламидинова аттуу соодагер сабалганы тууралуу маалымат жарыяланган. Ал: "Базардын башчысы үстөмдүк кылып, акча талап кылат. Аны берүүдөн баш тартсам, ур-токмокко алышты", - деп билдирген эле. Бул боюнча Ж. аттуу жетекчинин кызы, базар башчысы Айдай Чоноева окуяны SUPER.KG порталына төмөндөгүчө баяндап берди.
"Базарда кардар менен сатуучунун же болбосо сатуучулардын өз ара пикир келишпестиги орун алып келет. Бирок аталган чыр чынында көп жылдан бери уланууда. Чинара Гуламидиновага карата базар жетекчилигине башка сатуучулар тарабынан көптөгөн арыздар түшкөн. Бул окуяга чейин эскертүү менен гана чектелип келчүбүз. Ал иштеткен дүкөндүн алдында буга чейин эле сатуучулар ишкердик жүргүзүп келишкен. Бир күндө эле аталган жайга соодагерлерди чыгарбай чыр салып жатканын угуп, базарга баргам. Чырдашкандарды элдештирүү максатында барып, чагымчылдыкка кабылдым", - дейт Айдай Чоноева.
Анын айтуусуна караганда, ишкер Гуламидинованын сабалышына анын эч кандай тиешеси жок.
"Мен көп учурда балдарым менен үйдө отурам. Базарга кээ бир күндөрү барып, кабар алып турам. Видеодогу талашка түшкөн жерде мурда эле сатуучулар соода кылып келишкен. Биз барган учурда эч кимди жолотпой чырдап жаткан экен. Мен барганда чагымчылдык кылып видеого тартып алган. Ал эми мени "рэкет балдарына сабатты" деген маалымат жалган.
Анткени аны эч ким сабаган эмес. Жеке менин, базар башчысы катары эч кандай тиешем жок. Видеодогу балдар - рэкет эмес, жөнөкөй карапайым балдар. Алар да базардын катардагы кызматкерлери. Чинара эжеге ал балдардын бири да кол көтөргөн эмес. Буга чейин 400-500 сомдон төлөм алып келишкен деген маалымат да жалган. Анын базардагы башка сатуучулар менен чыры райондук аксакалдар сотуна чейин жеткен. 5 жылдан бери орун алган бул чырда аксакалдар соту Чинара Гуламидиновага акыркы жолу эскертүү берген. Ага карабай башка сатуучулар менен чырдашып келет. Бул жерде эл менен чырдашып, базар жетекчилигине куру дооматтарды коюп жатат", - деп кошумчалайт базар башчысы.
Ал эми Базар-Коргон райондук аксакалдар кеңешинин төрагасы Абдибаит Тойчиев сатуучулардын чыры боюнча төмөнкүлөрдү билдирди: "Аксакалдар кеңешинин төрагалыгына мен жаңы шайландым. Бирок базардагы чыр маселеси менен сатуучулар мага да кайрылышты. Мурдагы төрагага да кайрылган экен. Элди дүрбөлөңгө салган маселе сөзсүз түрдө каралат".
Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз катчысы Самара Кыдырова аталган маселе боюнча атайын түзүлгөн комиссиянын корутундусу чыга электигин айтты.
"Арыздануучунун соттук-медициналык экспертизасы толугу менен чыга элек. Жыйынтыгы чыккан соң толугу менен укуктук баа берилет", - деп кошумчалады катчы.
кошулду





1 |