super.kg logo

Момбеков өкмөткө: "Дыйкандын талабын аткарасыңарбы же байлардын талабын аткарасыңарбы?"

 

"Ош базарында" үч жолу өрт болду, эч ким кызматтан кеткен жок", - деп бүгүн, 18-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Рыскелди Момбеков билдирди. Ал өрт кырсыгына байланыштуу жоопкер тараптар болбой жатканына тынчсызданды.

"Кырсыктын алдын ала турган өкмөт бар. Силер өкмөт өрт чыкканга чейин мактанасыңар, өрт чыккандан кийин актанасыңар. Алдын алганга эмес, артын алганга өнөкөт таап алгансыңар.

"Ош базарында" үч жолу өрт болду. Эгер өрт андан ары кеткенде эмне болот эле? "Ош базарынын" жанында мунай куюучу жай бар. Андан ары эки мунай базасы бар. Алар өрттөнгөндө Бишкектин жарымы күймөк да. Эмне үчүн мунай базаларын көчүргөн жоксуңар? Ал эки база өлкөдөгү эң бай эки адамдыкы. Силер дыйкандын талабын аткарасыңарбы же байлардын талабын аткарасыңарбы? Прокуратура алардын жабылышы боюнча чечим чыгарган. Бирок жабылбай эле иштеп жатпайбы. Силер эмне кылып отурасыңар?

Кемероводо өрт болду, облустун губернатору Аман Тулеев кызматтан кетти. Тогуз-Тородо өрт болду, аким кетти. Бул жерде үч жолу өрт чыкты, бир адам кызматтан кеткен жок. Экотехинспекциянын жетекчилигин, Ленин районунун акимин, керек болсо, мэрдин орун басарларын кетириш керек. Эл жабыр тартып жатпайбы? Силер бул жерге келип, мынча жер өрттөндү, мынча жабыр тартты деп отурасыңар. Бул да кырсык, башка жабыркагандарга жардам көрсөткөндөй эле буларга да жардам берилиши керек", - деди Момбеков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(3)
18.04.2018. 11:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дыйкандын талабы эч качан аткарылган эмес.
18.04.2018. 11:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кызматтан кетирип тим болбостон, күнөөлүүлөрдү таап чыгымды төлөтүп андан кийин камаш керек. Үч жолу өрт чыгышы кокустук эмес. Артында бирөө турат. Аягына чыгыш керек.
18.04.2018. 12:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азамат Момбеков,мен айтайын деген сөздү айтыптыр,күнөөлүүлөрдү камаш керек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: