Мэрия: "Көчөлөрдүн аты туура эмес жазылган такталар алмаштырылды"



Көчөлөрдүн аты туура эмес жазылган такталар алмаштырылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек мэриясынан басма сөз кызматы билдирди.
"17-апрелден 18-апрелге караган түнү "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы борбор калаада көчөлөрдүн аттары жазылган 80 такта орноткон, алардын ичинен 26 тактада көчөлөрдүн аты туура эмес жазылып калган. Азыркы тапта ката жазылган такталар алмаштырылды. Айта кетсем, такталар дөмөөрчүлөрдүн каражатына жасалган", - дейт мэриянын басма сөз катчысы.
Эске салсак, интернет колдонуучулар көчөлөрдө илинип турган "Б.Баатыра", "Ш.Баатыр", "Б.Баатыр" деп көчөнүн аты туура эмес жазылган такталарды кызуу талкууга алган.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:38
2025-07-18

Рейтинг:
0

Устатынан шакирти отуп кетти...
Маршрутта Калык Акиевадан, же Токтогуладан токтоп койгудачы дегенде ичиң өтөт. Аалы Токомбаев, Калык Акиев, Токтогул, Бүбүсара Бейшеналиева деген көчөлөрдү тантырабай туура айталы.