super.kg logo

КҮНСОБОЛ: "Ош базары" шаардын четине көчүшү керек деген пикирге кандай карайсыз?

 

Быйыл жыл башынан бери "Ош базарында" үч ирет өрт кырсыгы катталды. 3-жолу чыккан өрт 13-апрелде болгон. Бул өрт фактысы боюнча Бишкек ШИИББинин тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 174-берене (мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратуу) жана 238-беренеси (өрт коопсуздугунун эрежелерин бузуу) менен кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Мындан улам коомчулукта аталган базарды шаардын четине көчүрүү боюнча пикирлер айтылып келген. SUPER.KG порталы "Ош базары" шаардын четине көчүшү керек деген пикирге кандай карайсыз деген собол салды.

ДОКЕНОВ: "Дүң соода базары шаардын четине көчүрүлүшү керек"

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Эрнис Докенов "Ош базарын" шаардын четине көчүрүү боюнча маселени шаар тургундары чечиши зарыл деген оюн айтты. "Аталган базар ордунда кала турган болсо, ал жакты реконструкция кылып, иреттеш керек. Азыркыдай болсо өрт улам-улам боло берет. Ал жерде өрт коопсуздугу каралган эмес. Сыртка көчүрүү боюнча сөз болсо, менчик ээлери менен бир пикирге келүү зарыл. Анткени базарда бардыгы бир эле адамдыкы эмес, менчик ээлери көп, ар биринин өзүнүн талаптары болот. Шаардын четине дүң соода базарлары көчүрүлүшү керек. Чекене соода базарлары шаардын ичинде эле калуусу зарыл. Бирок иреттеп, жемиш, азык-түлүк, эт саткандардын ар бири өзүнчө болушу керек. Учурда "Ош базарында" бардыгы аралаш сатыла берет. Базарды көчүрүү маселеси бир күндүк иш эмес. Андыктан жети өлчөп бир кесүү керек", - дейт Докенов.

ЖАМАЛДИНОВ: "Базарлар шаардын четинде болгону жакшы"

"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Зиядин Жамалдинов базарлар шаардын четинде болгону жакшы деген пикирде. Жамалдиновдун айтымында, базар шаардын ортосунда жайгашканда унаа тыгындары жана башка ыңгайсыздыктар жаралат. "Эгерде мамлекет "Ош базарын" шаардын четине көчүрүп, шарт түзүп бере алса, бул жакшы көрүнүш болмок. Бирок азыр базарды көчүрүүгө мүмкүнчүлүк жок. Бул жөн эле айтылып калган сөз.
Базар кура турган болсо, мамлекеттин балансында муниципалдык базар кылып иштетиш керек. Бул базарлар деле иштей берсин, ошондо "Ош базарындагы" салмак башка базарларга да ооп кетет", - деди Жамалдинов.

ӨМҮРАЛИЕВА: "Алгач базарды көчүрүүнүн себебин, негизин аныктоо керек"

"Биздин укук" коомдук фондунун жетекчиси Калича Өмүралиева "Ош базарын" көчүрүүдө, биринчиден, себебин тактоо керектигин билдирди. "Базарды шаардын четине көчүрүү боюнча карай турган болсок, алгач кайсы жерге, эмне себептен деген суроолорго жооп издөө керек. Өкмөт менен Бишкек шаарынын мэриясы базарда тартип орното албаса сөзсүз көчүрүү зарыл эмес. "Ош базары" жеке менчик, аны көчүрүү үчүн ал жерди сатып алуу керек. Мэриянын буга акчасы барбы? Сатып ала турган болсо деле максатты аныктоо зарыл. Максаты белгилүү болгондон кийин гана коомдук талкууга чыгарса болот.

Бирок көпчүлүк өлкөлөрдө шаардын борборунда жайгашкан базарлар бар. Ал жактагы базарлар улуттук дөөлөттөрү, архитектуралык өзгөчөлүктөрү менен айырмаланат. Биздин базар - бул базар эмес, "баш аламан". Мен "Ош базарына" баргым да келбейт. Тазалык сакталган эмес. Базар эл өтө турган жолго чейин чыгып кеткен. Биздин базарды деле тартипке келтирип, башка чыгыш өлкөлөрдүкүндөй кылып иретке келтире турган болсо, шаардын борборунда эле калтырса болот", - дейт Өмүралиева.

РЫСПАЕВ: "Ош базарын" көчүрүүгө мамлекеттин күчү жетпейт"

КСДП фракциясынан депутат Кожобек Рыспаев "Ош базарын" көчүрүүгө мамлекеттин күчү жетпей турганына токтолду. Депутат билдиргендей, ал жердеги объект, жерлердин баары менчикке өтүп кеткен. "Эгер мамлекет өзү базар баасы менен сатып ала алса, анда көчүрсө болот. Азыр жашылча базарда 70ке жакын субъект бар. "Берекет" базарында канча кожоюн бар экенин билбейм. Анын баарын алуу үчүн ээлерине каражат төлөө жагы турат. Алар ар түрдүү бааларды айтышы мүмкүн. Азыр мугалимдер менен дарыгерлерге жакшы айлык маяна төлөп бере албай жатканда бул ишке ашпайт. Ал жакка миллиондогон долларлар кетет. Андан көрө базардын баарын жайма базарга айландырбай, унаа токтотуучу жайларды курдуруу зарыл. Мыйзамга туура келбеген жерлерди иретке келтирип чыгыш керек", - деген ойду Кожобек Рыспаев билдирди.

ЖУНУС УУЛУ: "Аталган базарды көчүрүүнү эмес, тартип орнотууну ойлонуш керек"

"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Алтынбек Жунус уулу базар жеке менчикке өтүп кеткендиктен аны көчүрүү туура болбой турганын белгиледи. "Заманбап жаңы базарларды куруу зарыл. Азыр бардык эле базарлар жаңы талаптар, атаандашуу менен жаңырып келе жатат. Бишкек шаарынын мэриясы өрткө, уурулук кылмышына каршы эч кандай иш алып барбай жатат. Бул маселелер ордунан жыла элек. Жолдордун баары калыбына келе элек. Камераларды орнотуп чыгуу керек. "Ош базарын" жылдырса, эл кайда барат? Базарды көчүрсө ал жерде канча адам жумушсуз калат? Аны да ойлонуу керек. Ошондуктан мен бул базардын көчүрүлүшүнө каршымын, азыр аны көчүрүү менен эмес, тартип орнотуу боюнча иш алып баруу зарыл", - деди Жунус уулу.

АЛТЫНБЕКОВ: "Шаардын ичиндеги бардык базарларды көчүрүү зарыл"

"Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Айбек Алтынбеков бардык базарларды шаар сыртына көчүрүү зарылчылыгын айтты. "Бизде элдин саны көбөйдү. Мурда базарлар калктын санына туура келчү. "Ош базарын" көчүрсө, комплекстүү түрдө шаардын ичиндеги бардык базарларды көчүрүш керек. Жалгыз "Ош базарын" көчүрүү - бул болбой турган нерсе. Биринчи кезекте орун алмаштыруу үчүн жерди аныктап, ал жерде бардык инфраструктураны алып барыш керек. Бул абдан чоң каражатты талап кылат. Ошондуктан бул ишке ашпай турган нерсе го деп ойлойм", - дейт Алтынбеков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(12)
19.04.2018. 09:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Ош базар кочпош керек
19.04.2018. 10:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
topi, Ош базар бара бара акырындап кочуруш керек болбой калган. Сиз Ош базарга барып бир кун кечке журсонуз тушуносуз
19.04.2018. 11:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Akshumkar,minday bazarlar onukkon olkolordo da bar munu atayin tarihiy bazar katary kylymdarga saktash kerek, onukkon koreada turkiyada dele bul siyaktuu bazarlar turistter kop bar turchu jerler sanalat, baykap korsonuz 24 saat jashoo toktobogon shaardin tort burchuna baruu uchun dal ushul osh bazardan bagyt alasyz , bul bishkektin jashyl liniyasi ,myndan akcha jasagandy uyronup, dagy da onukturup meriya payda tapsa bolot.
19.04.2018. 16:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Akshumkar,тартип орното албайле кочуруш керек деген туура эмес Ош базарга ирети мн месталардв ондоп тартип орнотуп койсо кочуруштун кереги жок а мер кочуруш керек дегени значит ош базардын местасы бироо жарымга керек дагы бир чиновник туратда артында
19.04.2018. 10:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Э айланайындар ушуну жөн эле койгула. Ош базар эч качан чет жака көчүп кетиши мүмкүн эмес. Ош базарсыз Бишкек Бишкек эмес.
19.04.2018. 10:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ош базар эмес Чек араны жакшылак тактап койсунчу. Ош базар качпайт эч кайда качып баратса айтабыз
19.04.2018. 10:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жел болбосо чоптун башы кыймылдабайт, акыры кочот го.
19.04.2018. 10:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Биринчи ошол жердеги адамдар кыйналат канчалаган адамдар иштейт ал жерде.шаардын четине чыкса соода болбой калат.аларды да ойлош керекта.
19.04.2018. 11:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Негизи жок эле кылып салыш керек анын ордуна башка Ош базар дебей эле башкача кылып өзгөртүп ордуна ТЦ куруп же дагы башка эл керегине жарай турган имарат курулуш керек
19.04.2018. 11:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Ош базар эл керегине жарабай жатабы Ош базарсыз Бишкектин кызыгы жок баардык маршруткан ош базарга барат ош базардан кетет
19.04.2018. 12:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ууру тоногуч чонтокчу сойку кайырчы аракечтеринен бери топтолуп алышкан эми жок кылса ошонун баары азаймак бир азга болсо да
19.04.2018. 14:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Менен сурап атасыңбы, көчүрүш керек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: