super.kg logo

Дастан Жумабеков өкмөт өкүлдөрүнө "соодагерлерге жардам берилбесе, жоопкерчилигиңер каралат" деди

 

Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Дастан Жумабеков өкмөттөн Бишкектеги "Ош базарында" жана Жалал-Абад шаарынын базарында болгон өрт кырсыгынан зыянга учураган элге жардам берүүнү тездетүүнү талап кылды. Жумабеков өкмөт мүчөлөрүнө жардам берилбесе жоопкерчилиги карала турганын эскертти.

"Өкмөт мүчөлөрү берилген сунуштардын баарына макул болдуңуздар. Өрт кырсыгы боюнча дайындалган экспертизанын жыйынтыгын, базардагы күйүп кеткен соода имараты жаңыдан салынышы же ремонттон өтүшү керектигин чечип бергиле. 2-3 айда соодагерлер өз соода орундарына барышы керек. Жардам керек болсо, биз дагы жардам берели, мен төраганын фондунан күйүүчү майга каражат бөлүп берем. Андан сырткары насыя боюнча айта кетейин. "Насыя берүү боюнча сүйлөшүп жатабыз" деп айтуудасыздар. Биз токтомго чечип бергиле деп так көрсөтөбүз. Жардам берилбесе, мен өкмөт башчыга жоопкерчилигиңерди кароо боюнча сунуш берем. Ошондой эле токтомго өрттүн чыгуусуна себеп болгондордун жоопкерчилиги каралышы керектигин киргизебиз. Кээ бир чиновниктердин шалаакылыгынан миң деген жарандарыбыз жабыркап калбашы керек. Жогорку Кеӊеш токтомдун аткырылышын көзөмөлгө алат. Жеке өзүмдүн да көзөмөлүмдө болот", - деди төрага.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
18.04.2018. 16:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кучтуу суйлоптур го торага,окмоттун колунан келээр бекен коро жатаарбыз
18.04.2018. 16:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Здания салып берет экен эч кандай жардам берилбейт экен 10 миллион акчалары куйду акыры бироо жоопкерчиликти алабы куноолу табылбайбы ош базарды кочуруш керек дегендерди сурака тартпайсынарбы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: