super.kg logo

Ош ОИИБи: "Ноокатта кызга жолугуу үчүн барган жигитти жергиликтүү тургундар сабаган окуяга тиешеси бар эки адам Орусиядан табылды, жакында алынып келет"

 

Ноокатта кызга жолугуу үчүн барган адамды жергиликтүү тургундар сабаган окуяга тиешеси бар делинип Орусияда жүргөн 2 адам Кыргыз жергесине алынып келет. Бул тууралуу 18-апрелде SUPER.KG порталына Ош ОИИБинин басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев билдирди.

Анын айтуусуна караганда, аталган 2 адам алгач окуянын күбөсү катары суралат.

"Аталган окуяга тиешеси бар 2 адамдын Орусияда жүргөнү аныкталды. Аларды алып келүү үчүн милиция кызматкерлери жөнөп кетишти. Жакынкы күндөрү Кыргыз өлкөсүнө алынып келет. Бирок алар алгач окуянын күбөсү катары суралат. Андан кийин гана укуктук баа берилет", - дейт Ашырбаев.

Эске салсак, окурман Ноокатта 50дөй адам кыз-жигитти ур-токмокко алганын, биринин абалы оор экенин кабарлаган. Андан кийин милициядан бул боюнча иликтөө иштери жүрүп жатканы маалымдалган. Көп өтпөй аталган айылга кыз менен жолугуу үчүн келген дагы бир жигит сабалып, алган жаракатынан улам каза болгону маалым болгон. Кийин аталган окуяга байланыштуу 15 адам кармалып, анын үчөө Ош шаардык сотунун 9-апрелдеги чечими менен үй камагына чыгарылган.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(2)
18.04.2018. 17:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Баарын камагыла 1000$-2000$ алып коёбербегиле. Алгыла камагыла.
18.04.2018. 19:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Милициялар жөнөт кетишти дейт да,бул жактагы органдар эле Россиянын МВДсына кабар берсе таап берет го секундда,чыгаша .
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: