super.kg logo
  Спорт  

Топ-Лига-2018: "Кара-Балта" 4:0 эсеби менен "Алайды" утуп келе жатып, жеңишти алдырып жиберди

 

Бүгүн, 18-апрелде Кант шаарында футбол боюнча Өлкө биринчилиги Топ-Лиганын 3-турунун оюндары орун алууда. Анда алгачкы беттеште "Кара-Балта" командасы менен Оштун "Алай" командасы кез келди.

Беттештин жүрүшүндө командалар 11 гол киргизгенге жетишти. "Кара-Балта" атаандашына 5 гол киргизсе, "Алай" командасы 6 гол менен жооп берди. "Кара-Балтанын" оюнчулары 2-мүнөттө Роман Ковалёвдун күчү менен эсеп санын ачып, 26-мүнөткө чейин Урмат Абдукаимов, Азамат Өмүралиев жана Гүлжигит Алыкуловдун голдору менен эсепти 4:0 кылышты. 31-мүнөттө "Алай" 1 гол менен жооп бере алды, анда Алиа Силла пенальтиден таамай сокку узатты. 42-мүнөттө Жоел Кожо айырмаланып эсепти 4:2ге айлантты. 2-таймда "Алай" Одилжон Абдурахмановдун, Алиа Силланын жана Кожонун 2 голу менен эсепти 4:6 кылып кетти. Беттештин соңуна 2 мүнөт калганда Гүлжигит Алыкулов гол киргизип эсепти 5:6 кылды.

Муну менен беттештин жыйынтыгында "Алай" командасы 7 упай менен сап башында жайгашса, "Кара-Балта" командасы упайсыз акыркы орунда жайгашууда.

Белгилей кетсек, бүгүн "Алга" - "Дордой" жана "Абдыш-Ата" - "Нефтчи" беттештери орун алат.

Турнирдик жадыбал






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(6)
18.04.2018. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Камбэк кучтуу болуптур го,4-0го женилип атып утуп кетсе.Болельщиктер жыргаптыр да голдордун турун коруп
18.04.2018. 17:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Псж Барселонадай болуптурда
18.04.2018. 18:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
FCBMESSI,судья жардам берди барсаңа
18.04.2018. 18:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Tyty1990,Хоть Инфантино жардам берсе да,ал счёт тарыхта калат и результат есть результат
18.04.2018. 17:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ото кучтуу камбекко футболдук есеп емес хокей бопкетиптир.
19.04.2018. 04:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер биздин Федерация га бир суроо узаткылачы, Топ лиганы теле ге тартканда жок дегенде 4 камера коюп койсо жакшы болмок, ато чокуга 1 камера коюп коёт, көргөндө кыжырданып кетесиң
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: