Милициянын полковниги менен Тажик жараны 13 килограммдан ашык баңгизат менен кармалды




Маалыматка ылайык, 17-апрелде таңкы саат 5 чамасында Бишкек шаарындагы Манас кең көчөсү менен Токтогул көчөсүнүн кесилишинде 50 жаштагы М.М. аттуу тажик жараны менен 41 жаштагы М.Н. аттуу Ош шаарынын тургуну кармалган. М.Н.га таандык унааны текшерген учурда 13 даана скотчтолгон ак түстөгү, өзгөчө жыты бар зат табылган.
"Экспертизанын жыйынтыгы боюнча табылган зат героин экени аныкталган. Анын жалпы салмагы 13 килограмм 500 грамм болгон. Кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда аталган кылмыш ишине тиешеси бар башка жарандардын өздүгүн тактоо боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. Ал эми кармалгандардын бири М.Н. 1977-жылы Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында төрөлгөнү, ИИМдин атайын багыттагы полкунун подполковниги экени аныкталды", - деп айтылат маалыматта.
Учурда кармалган жарандарга карата 247-берене (баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын окшошторун же прекурсорлорду башкага берүү максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү, ага тете эле мыйзамсыз өндүрүү же берүү) менен кылмыш иши козголгон.
Учурда кызматтык иликтөө жүрүп жатат. Ал эми кармалган милиция кызматкери ИИМдин офицерлеринин аброюна шек келтиргени үчүн атайын наамынан жана башка ыйгарым укуктарынан ажыратуу боюнча маселе сотто каралат.
кошулду















1 |