super.kg logo
  Саясат  

Венеция комиссиясы Өмүрбек Текебаевдин абалына тынчсызданууда

 

Венеция комиссиясы Өмүрбек Текебаевдин эл аралык уюмдарга кайрылуусун кубаттады. Бул тууралуу SUPER.KG порталына жактоочусу Таалайгүл Токтакунова билдирди.

Анын айтымында, Текебаев өзү да бүгүнкү күнгө чейин Венеция комиссиясынын мүчөсү.

"16-17-мартта Венеция комиссиясынын отуруму болгон, ал отурумга комиссиянын мүчөсү катары Өмүрбек Текебаев чакырылган. Ал чакырууга Текебаев жооп катары: "Саясий өңүттө өкүм чыгып, мен абакта жатам, ошол себептен бул отурумга бара албайм", - деп кат жазган.

Текебаевдин катына Венеция комиссиясы жооп жазды. "Катыңызды алдык, бардык мүчөлөргө тааныштырдык, сиздин абалыңызга тынчсызданып жатабыз. Эл аралык уюмдарга саясий куугунтук болуп жатканы тууралуу кат жазыпсыз, муну биз кубаттайбыз", - деп айтылат комиссиянын жообунда.

Белгилей кетсек, 2017-жылы 16-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Өмүрбек Текебаевди жана мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновду ар бирин 8 жылга эркинен ажыраткан. 2-октябрда Бишкек шаардык соту, 21-ноябрда Жогорку Сот Текебаев менен Чотоновго карата Биринчи Май райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 18 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: