super.kg logo
  Саясат  

Бишкекте жана Чүй облусунун айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт

 

20-июнда саат 9:00дөн 17:00гө чейин Бишкектин Фрунзе, Горький, Оренбургский, Ош көчөлөрүндө, Манас проспектисинде, Кара-Жыгач жаңы конушунда электр энергиясы убактылуу өчүрүлөт. Ошондой эле Чүй облусунун  Жайыл районуна караштуу Кара-Балта шаарындагы Рабочий көчөсүндө, Алексеевка айылындагы Центральный көчөсүндө, Степное айылындагы Центральный көчөсүндө, Кемин районуна караштуу “Холодная вода” эс алуу аймагында, Кемин шаарынын борбордук бөлүгүндө,  Сокулук районундагы Кара-Сакал, Плодопитомник, Маловодное, Исмаил, Кызыл-Туу айылдарында, Аламүдүн районуна караштуу Лебединовка айылындагы Нарын, Ош, Чүй, Набережный көчөлөрүндө электр энергиясын берүү убактылуу токтотулат. “Түндүк электр” ишканасы билдиргендей, электр энергиясын убактылуу чектөө жогорку вольттогу “Маловодное” көмөк чордонунда, 10 кВ аба электр берүү чубалгыларынын зымтиректерин алмаштыруу, алдын алуу иштерине байланыштуу болот.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: