super.kg logo

Арменияда экс-президент премьер-министр болуп шайланды. Ага каршы нааразычылык акциялары уланууда

 
Армениянын экс-президенти, учурдагы премьер-министри Серж Саргсян
Арменияда “баркыт ыңкылабын" жарыялаган оппозициячыл Никол Пашинян
Армениянын президенти Армен Саркисян

Арменияда экс-президент Серж Саргсян премьер-министр болуп шайланды. Ага каршы нааразычылык акциялары уланууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматтарга ылайык, кечээ, 18-апрелде митингге катышып жаткан 60тан ашуун адамды полиция кармаган. "Экс-президенттин өкмөт башчылыгына келишине нааразы болгондордун акциялары бир жумадан бери уланууда. Буга карабастан Армения парламенти Серж Саргсянды 17-апрелде өкмөт башчысы кызматына бекиткен. Добуш берүүдө парламенттин 76 депутат аны колдоп, 17 парламентарий каршы добуш берген. Армениянын парламенти 105 депутаттан турат", - деп жазышат басылмалар.

Нааразычылык акцияларына миңдеген адамдар катышып жатканы маалымдалууда. "Митингдердин уюштуруучусу оппозициячыл депутат Никол Пашинян Арменияда революциялык кырдаал түзүлгөнүн, тынч мүнөздөгү “баркыт ыңкылабы" башталганын жарыялаган. Митингчилер өкмөттүк имараттарды курчоого алып, мамлекеттик мекемелердеги жумуштарды токтотушту", - деп айтылат маалыматтарда.

Айта кетсек, Арменияда 2015-жылы өзгөртүлгөн Конституцияга ылайык, өлкө жарым-жартылай президенттик башкаруудан парламенттик башкарууга өтүп, премьер-министрдин ыйгарым укуктары күчөтүлүп, өлкөдөгү биринчи кишиге айланган. Өлкөнүн парламенти шайлаган президент Армен Саркисян 9-апрелде кызматка киришкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
19.04.2018. 08:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Биздин ысымыбызда Бек, Гул дегендер коп болгондой эле буларда да атрсян, патырсян дегендер коп экен да.
19.04.2018. 10:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Kg.arts.,
Точна
19.04.2018. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ян дегени биздин фамилиядагы ов, ев, ова, ева дегендей эле.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: