Кыргыз оор атлеттер жаштар арасындагы Азия чемпиондугуна катышат
Кыргыз оор атлеттер жаштар арасындагы Азия чемпиондугуна катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Өзбекстандын Ургенч шаарында 20-30-апрель аралыгында өтө турган мелдеште Кыргыз өлкөсүнөн 3 спортчу катышат. Алар март айында Бишкекте өткөн Өлкө биринчилигин багындырган.
Кыргыз курама командасынын тизмеси:
69 килограмм салмак ченинде: Адилет Абдыразаков;
85 килограмм салмак ченинде: Адилет Жаныбеков;
94 килограмм салмак ченинде: Бекулан Мырзабеков;
Ага машыктыруучу: Замир Сагынов.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.