Депутаттардын кызматтык үйлөрүн балдар үйлөрүндө чоңойгон балдарга берүү сунушталды
Жогорку Кеңештин депутаттарына берилүүчү кызматтык батирлерди ата-энеси жок, балдар үйлөрүндө чоңойгон балдарга берүү сунушталды. Мындай демилге Жогорку Кеңештеги депутаттар Айсулуу Мамашева, Аида Касымалиева жана башкалар тарабынан көтөрүлдү. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.
Демилгеге ылайык, балдардын коопсуздугун жана мүлктүн сакталышын камсыз кылуу үчүн балдар үйүн бүтүрүүчүлөргө алар бутуна турганга чейин, 25 жашка чыкканча аталган батирлерди кампус формасында, студенттик же жумушчу жатакана иретинде колдонууга берүү сунушталат.
"Жогорку Кеӊештин 2015-жылдын 25-ноябрындагы токтому менен бардык фракциялардын депутаттары кызматтык батирлерден баш тартышкан. Шаардын борборундагы депутаттардын кызматтык көп батирлүү үйүн эч ким колдонгон жок. Ошондой эле Аламүдүн-1 кичи районунда кызматтык батир бар, ал жети жылдан бери бош турат, шаар боюнча дагы алты батирде эч ким жашабайт. Жогорку Кеӊеш коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча чыгымдарды гана тартат", - деп айтылат мыйзамдын түшүндүрмөсүндө.







1 |