super.kg logo
  Спорт  

Топ-Лига-2018: 3-турдун жыйынтыгында "Дордой" менен "Алай" 1-орунду талашууда

 

Кечээ, 18-апрелде футбол боюнча Өлкө биринчилигинин 3-туру аяктады. Бул тур 16-апрелде Жалал-Абад шаарында "Академия" - "Илбирс" беттеши менен башталса, 18-апрелде Кант шаарында 3 беттеш менен жыйынтыкталды.

"Академия" (Ош) - "Илбирс" (Бишкек)

Жалал-Абад шаарындагы "Курманбек" стадионунда орун алган беттеште "Илбирс" командасы 3:1 эсебинде жеңишке жетти. Алгачкы таймда командалар таамай боло алышкан жок. 68-мүнөттө "Илбирстин" оюнчусу Гүлжигит Бөрүбаев эсеп санын ачса, 85-мүнөттө эсепти 2:0 кылып кетти.

Гол өткөрүп жиберген "Академиянын" оюнчулары 85-мүнөттө топту тез арада оюнга киргизип, Сардар Соибовдун күчү менен эсепти 2:1ге айлантты. 94-мүнөттө Бөрүбаев 3-голун киргизип, командасына жеңиш алып келди. Бул жеңиш менен "Илбирс" командасы алгачкы 3 упайына ээ болсо, "Академия" упайсыз калды. Турнирдик жадыбалда "Илбирс" 6-орунду ээлесе, "Академия" командасы 7-орунда.

"Кара-Балта" (Кара-Балта) - "Алай" (Ош)

3-тур Кант шаарында "Кара-Балта" - "Алай" беттеши менен уланды. Беттештин жүрүшүндө командалар 11 гол киргизгенге жетишти. "Кара-Балта" атаандашына 5 гол киргизсе, "Алай" командасы 6 гол менен жооп берди. "Кара-Балтанын" оюнчулары 2-мүнөттө Роман Ковалёвдун күчү менен эсеп санын ачып, 26-мүнөткө чейин Урмат Абдукаимов, Азамат Өмүралиев жана Гүлжигит Алыкуловдун голдору менен эсепти 4:0 кылышты. 31-мүнөттө "Алай" 1 гол менен жооп бере алды, анда Алиа Силла пенальтиден таамай сокку узатты. 42-мүнөттө Жоел Кожо айырмаланып эсепти 4:2ге айлантты. 2-таймда "Алай" Одилжон Абдурахмановдун, Алиа Силланын жана Кожонун 2 голу менен эсепти 4:6 кылып кетти. Беттештин соңуна 2 мүнөт калганда Гүлжигит Алыкулов гол киргизип, эсепти 5:6 кылды. Муну менен беттештин жыйынтыгында "Алай" командасы 7 упай менен 2-орунда жайгашса, "Кара-Балта" командасы упайсыз акыркы орунда жайгашууда.

"Алга" (Бишкек) - "Дордой" (Бишкек)

Кант шаарынын "Борбордук" стадионунда 2 бишкектик команда кез келди. Беттештин жүрүшүндө "Алга" менен "Дордой" командаларынын оюнчуларында гол киргизүүгө мүмкүнчүлүк болгону менен, таамай сокку жарата алышкан жок. Оюндун жыйынтыгында 0:0 эсеби катталып, командалар 1 упайдан ээ болушту. Муну менен "Дордой" командасы 7 упай менен сап башында жайгашса, "Алга" командасы 5 упай менен 4-орунду ээледи.

"Абдыш-Ата" (Кант) - "Нефтчи" (Кочкор-Ата)

Турдун жыйынтыктоочу беттешинде Канттын жергиликтүү "Абдыш-Ата" командасы кочкор-аталык "Нефтчини" кабыл алды. Беттештин жыйынтыгында канттык команда атаандашын 2:1 эсебинде утуп, алгачкы жеңишке ээ болду. Эсеп саны оюндун 28-мүнөтүндө ачылды, анда Атай Жумашев айырмаланды. Буга "Нефтчи" 48-мүнөттө Александр Игнатенконун голу менен жооп берсе, 53-мүнөттө Элхан Темирбаев эсепти 2:1ге айлантып, командасына жеңиш алып келди. Муну менен "Абдыш-Ата" алгачкы жеңишке ээ болуп, 5 упай менен турнирдик жадыбалда 5-орунда жайгашты, буга чейин канттык команда атаандаштары менен 2 жолу тең чыккан. Ал эми "Нефтчи" командасы 6 упай менен 3-орунда жайгашты.

Турнирдик жадыбал






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
19.04.2018. 13:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алай алга
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: