super.kg logo

Эрнис Докенов, шаардык кеңештин депутаты: "Ош базарын" көчүрүү маселеси бир күндүк иш эмес"

 

"Ош базары" шаардын четине көчүрүлүшү мүмкүн деген маалымат боюнча SUPER.KG порталынын суроосуна Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Эрнис Докенов төмөнкүдөй пикирин билдирди.

Ал бул маселени шаар тургундары чечиши зарыл деген ойдо. "Аталган базар ордунда кала турган болсо, ал жакты реконструкция кылып, иреттеш керек. Азыркыдай болсо өрт улам-улам боло берет. Ал жерде өрт коопсуздугу каралган эмес. Сыртка көчүрүү боюнча сөз болсо, менчик ээлери менен бир пикирге келүү зарыл. Анткени базарда бардыгы бир эле адамдыкы эмес, менчик ээлери көп, ар биринин өзүнүн талаптары болот. Шаардын четине дүң соода базарлары көчүрүлүшү керек. Чекене соода базарлары шаардын ичинде эле калуусу зарыл. Бирок иреттеп, жемиш, азык-түлүк, эт саткандардын ар бири өзүнчө болушу керек. Учурда "Ош базарында" бардыгы аралаш сатыла берет. Базарды көчүрүү маселеси бир күндүк иш эмес. Андыктан жети өлчөп, бир кесүү керек", - дейт Докенов.

Кожобек Рыспаев, Калича Өмүралиева, Зиядин Жамалдинов жана башка саясатчылардын пикири төмөнкү шилтемеде.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: