super.kg logo

Зиядин Жамалдинов базарлар шаардын четинде болгону жакшы деген пикирде

 

"Ош базары" шаардын четине көчүрүлүшү мүмкүн деген маалымат боюнча SUPER.KG порталынын суроосуна Жогорку Кеңештин депутаты Зиядин Жамалдинов төмөнкүдөй пикирин билдирди.

Ал базарлар шаардын четинде болгону жакшы деген пикирде.

Жамалдиновдун айтымында, базар шаардын ортосунда жайгашканда унаа тыгындары жана башка ыңгайсыздыктар жаралат. "Эгерде мамлекет "Ош базарын" шаардын четине көчүрүп, шарт түзүп бере алса, бул жакшы көрүнүш болмок. Бирок азыр базарды көчүрүүгө мүмкүнчүлүк жок. Бул жөн эле айтылып калган сөз.
Базар кура турган болсо, мамлекеттин балансында муниципалдык базар кылып иштетиш керек. Бул базарлар деле иштей берсин, ошондо "Ош базарындагы" салмак башка базарларга да ооп кетет", - деди Жамалдинов.

Кожобек Рыспаев, Калича Өмүралиева, Эрнис Докенов жана башка саясатчылардын пикири төмөнкү шилтемеде.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: