super.kg logo

Алтынбек Жунус уулу, депутат: "Ош базарын" жылдырса, эл кайда барат?"

 

"Ош базары" шаардын четине көчүрүлүшү мүмкүн деген маалымат боюнча SUPER.KG порталынын суроосуна Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Жунус уулу төмөнкүдөй пикирин билдирди.

Ал "Ош базары" жеке менчикке өтүп кеткендиктен аны көчүрүү туура болбой турганын айтты.

"Заманбап жаңы базарларды куруу зарыл. Азыр бардык эле базарлар жаңы талаптар, атаандашуу менен жаңырып келе жатат. Бишкек шаарынын мэриясы өрткө, уурулук кылмышына каршы эч кандай иш алып барбай жатат. Бул маселелер ордунан жыла элек. Жолдордун баары калыбына келе элек. Камераларды орнотуп чыгуу керек. "Ош базарын" жылдырса, эл кайда барат? Базарды көчүрсө ал жерде канча адам жумушсуз калат? Аны да ойлонуу керек. Ошондуктан бул базардын көчүрүлүшүнө каршымын, азыр аны көчүрүү менен эмес, тартип орнотуу боюнча иш алып баруу зарыл", - деди Жунус уулу.

Кожобек Рыспаев, Эрнис Докенов, Зиядин Жамалдинов жана башка саясатчылардын пикири төмөнкү шилтемеде.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
19.04.2018. 12:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эл ошо жаны кочкош базарга барат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: