Нарын-Орук-Там унаа жолуна кар көчкү түштү
Нарын районуна караштуу Нарын-Орук-Там унаа жолунун 65-чакырымында (Ак-Кокту тилкеси) кар көчкү түштү. Бул тууралуу бүгүн, 19-апрелде ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, кар көчкүнүн көлөмү 3 миң метр кубга жеткен.
"17-апрель күнү саат 18:00дөр чамасында Нарын-Орук-Там унаа жолунун 65-чакырымында Ак-Кокту тилкеси аркылуу өткөн бөлүгүндө 3 миң метр куб көлөмүндөгү кар көчкү түшкөн. Аталган унаа жолду Нарын районунун акиминин 2017-жылдын 10-ноябрындагы №221-буйругунун негизинде унаа каттамы үчүн жабылган болчу. Учурда кар көчкүнү тазалоо иштери жүргүзүлүүдө", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:51
2025-12-20
Рейтинг:
0
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















/"Аталган унаа жолду...... жабылган болчу"/.