super.kg logo

Кытайда химиялык каражаттардын жардамы менен жасалма жаан жаадыруу пландалууда

 

Кытайда жаан-чачындын жетишсиздиги аларды атайын химиялык каражаттардын жардамы менен жасалма булуттарды жасап, жаан жаадырууга түрттү. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Белгилүү болгондой, Кытайдын бийлик өкүлдөрү химиялык каражаттардан жасалган торчолордун жардамы менен 10 миллиард тоннага жакын жаан-чачын иштеп чыгууну көздөөдө.

Маалыматка ылайык, жаан-чачындарды иштеп чыгуучу торчолор Тибет түздүктөрүндө жайгашат. Кытайдын аэрокосмонавттык илимдер жана техника корпорациясы тарабынан иштелип чыккан аппарат химиялык отунду жагып, абага күмүш йодидин чыгарат. Ал булуттарды, андан соң жаан-чачынды пайда кылат. Мындай каражаттын бирөө 5 километрге жакын аймакты жаан-чачын менен камсыз кыла алат.

Иштеп чыгуучулардын айтымында, алар 1 миллион чарчы чакырымга жакын аймакты жаан-чачын менен камсыз кылууну көздөп жатышат. Алгач бул аппараттар аскер программасынын негизинде иштелип чыккан. Айрым изилдөөчүлөрдүн айтымында, бул жаан-чачын системи адамдардын ден соолугуна терс таасирин тийгизиши мүмкүн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
19.04.2018. 11:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Кудайга шугур бизде жамгыр быйыл жакшы жаап атат, кардын запасы аз кандай болот экен деп аттык эле, Кудайым берешен боорукер зат, быйылкы жамгырды берекелуу кылып атат, анан Кытайлар тууралуу айта турган болсом, бул химиялык жол менен алынган жамгыр зыян болуш керек, бул суудан ичкен бак дарак жан жаныбарларга тескерисинче зыяны тийбесе болду
19.04.2018. 13:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кытайлар козго корунгон нерсени химиялап бутмой болду го.Дагы нени ойлоп табышаар экен эми,?
19.04.2018. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
кудайыма шүгүр табигый жаан чачынга не жетсин
19.04.2018. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жаратылыш мн ден соолукка зыян экени анык эле, эмнеси болсо да бул ойлоп табуусу оздору мн эле калсын, ансызда колдонгон буюм тамак аштан бери химиянын жардамы мн жазап дуйно жузуно таратып атышат, эми жазалма жамгырды колдонуунун кажети жок, биздин олконун табияты кандай сонун, ушундай жаратылышы кооз, абасы таза, суусу кенен олкодо жашап атып анын кадырында билбейбиз, жаратылыш койнуна эсалып барып колдонгон нерсени жыйнап тазалап кетуу дегенди билбейбиз, олкобуздун баркын билип баалайлы.
20.04.2018. 15:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы экен кытайдын кылбаганы жок озу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: