super.kg logo

Тогуз-Торонун тургундары кайрадан митингге чыгышты

 

Бүгүн, 19-апрелде Тогуз-Торонун тургундары кайрадан митингге чыгышты. Алар камакта жаткан 12 адамды бошотууну талап кылышууда.

Учурда Ак Үйдүн алдында өтүп жаткан митингге 50гө жакын адам чогулган. Алардын ичинен 20 адам бүгүн эртең менен Тогуз-Тородон Бишкек шаарына келген.

Айта кетсек, буга чейин Тогуз-Тородо миңден ашуун адамдын катышуусунда митинг болгон. Алар аймактагы алтын ылгоочу комбинаттын курулушу токтотулуусун талап кылышкан. Митингдин жүрүшүндө алтын ылгоочу комбинаттын имараты өрттөлүп, ыргытылган таштан 3 милиция кызматкери жана жергиликтүү тургун жаракат алып ооруканага кайрылган. Кийин бул окуяга байланыштуу райондун акими кызматынан алынган. Ошондой эле кылмыш иши козголуп, 150дөй адам суракка алынып, 15и Бишкекке алынып келип, камакка алынган. Алардын үчөө аял болсо, биринин эмчектеги баласы бар.

Аларды бошотуу талабы менен эл район борборуна жана Бишкекте митингге чыгышкан. 17-апрелде саат 20:00 чамаларында Биринчи Май райондук соту камакта отургандардын баш коргоо чарасын карап, үч аял жана бир мектеп окуучусун өлкө аймагынан чыкпоого милдеттендирүү менен үйүнө бошотуп, калганын эки айга камакта калтырган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(3)
19.04.2018. 14:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Элдер өзүн өзү артка тартып жатышат. Аягы келип жумушсуздук, кымбатчылык, жакырчылык.
19.04.2018. 15:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Уактылуу жумушсуздук, кымбатчылык, жакырчылык, жойулат, аны бул заводту курбай башка өндүрүштү курса деле болот. Бул жерде Тогуз-Тородо жашаган элдин, кыргыз улутунун тукуму келечек муун тууралу ой жүгүртүшүбүз керек.
19.04.2018. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бирин олуп бирин кал болуптурда окмот чечпейби ушундай маселелерди
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: