super.kg logo

Бишкекте музыкалык аспаптардын аллеясы пайда болот

 
Глюкофон.
Трубофон.
Ковбелл.
Ксилофон.

Бишкекте музыкалык аспаптардын аллеясы пайда болот. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 20-апрель күнү саат 16:00дөн 18:00гө чейин Жаштар аллеясында атайын шаар тургундары үчүн музыкалык аспаптар орнотулат. Аталган аспаптарды орнотуу шаарды өнүктүрүү агенттиги жана "DVV International Kyrgyzstan" тарабынан уюштурулган. Ар бир каалоочу глюкофон, трубофон, ксилофон жана ковбеллде өзүнүн талантын көргөзүп, ойной алат.

Көптөгөн чет өлкөлөрдө,эл көп болгон көчөлөрдө күн сайын ар кандай оюн-зооктор, көргөзмөлөр уюштурулуп турат. Бул иш-чараларда шаар тургундары активдүү катышып бийлеп, ырдап гана тим болбостон колдо бар каражаттардан (айнек же хрусталь стакандар, желим бөтөлкөлөр, чакалар) музыкалык аспаптарды жасап алышып ар кандай чыгармаларды ойношот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
19.04.2018. 16:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аа жакшыы жакшыы. Ийгилик
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: