super.kg logo

Жогорку Cот Чолпон Жакупованын айып пулду бөлүп төлөө өтүнүчүн биринчи инстанцияга кайра жиберди

 

Жогорку Cот мурдагы депутат Чолпон Жакуповага салынган 3 миллион сом айып пулду бөлүп төлөө өтүнүчүн кайрадан карап чыгууга биринчи инстанцияга жиберди. Бул тууралуу 19-апрелде SUPER.KG порталына Жакупова билдирди.

Анын айтымында, Октябрь райондук сотуна 3 миллион сомду бөлүп төлөө өтүнүчүн келтирген. Бирок өтүнүч четке кагылып, маселени Жогорку Сот бүгүн, 19-апрелде кайра карап чыкты.

"Экс-президенттин аброюна шек келтирди деген айып менен 3 миллион сомго жыгылганбыз. Ал айып пул биздин ар бирибизде илинип турат. Буга чейин ар бирибиз ошол 3 миллион сомду бөлүп төлөө өтүнүчүн келтиргенбиз. Бирок Октябрь райондук соту ал өтүнүчтү четке кагып, аталган өтүнүч боюнча ишти Жогорку Cотко жиберген. Ал эми бүгүн Жогорку Cот келтирилген өтүнүч боюнча кайра каралып чыксын деп, биринчи инстанцияга жиберүү чечимин чыгарды. Бул жерде кубанарлык эч нерсе деле болгон жок. Болгону убакытты созуп жатышат. А менин болгон мүлкүм арестте турат", - дейт укук коргоочу.

Эске салсак, Башкы прокуратура экс-депутат Чолпон Жакупованын сөз эркиндиги боюнча жыйында сүйлөгөн сөзү үчүн жана "Заноза" сайтында жазылган материал боюнча ошол кездеги президенттин кадыр-баркына шек келтирди деп сотко кайрылган. Башкы прокуратура "Занозанын" башкы редактору Дина Маслова, сайттын түзүүчүлөрүнүн бири Нарын Айып, Чолпон Жакупова жана "Заноза" сайтына 3 миллион сомдон доо койгон. Жалпы доонун баасы 12 миллион сом болгон. Доо арызды райондук жана шаардык сот канааттандырган.



кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
19.04.2018. 16:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атамбаев ХХХХХХХХх кылгандарыбы ушул саясий буйрукту аткарган соттор ХХХХХХХХХ бироосу журот А Салянова ген прокурор болуп турганда ак жеринен уч саясатчыны камап жиберген эми озунун башына келдиго эки эсе болуп инисин олтуруп кетти озун 14жылга кести
Модератор admin_media түзөттү 2018-04-19 17:05:26
19.04.2018. 16:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кудай баар коруп турат баарын
19.04.2018. 17:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Журналистердин азыркы курс менен 50 миллион долларын жеп алган АШАга качан айып пул салынат?
19.04.2018. 17:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Атамбаев жок эми коркбой мыйзам менен иштегиле кызыл китепке кирчүү соттор
19.04.2018. 17:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
3млн сом энесинин оюну эмес. Кудай сактасын жалган жалаадан.
Мен кечип жиберет элем. Бирөөнүн ак мээнети менен табылган акча жукпайт. Он эсе болуп тешип чыгат.
19.04.2018. 22:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Журналисттен кантип уялбай уч миллион алат экен эми Атамбаев.Жон эле адамгерчилик кылып кечип койсо болмок.Бул ото ото денгээлдин томондугу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: