super.kg logo

Баткен районундагы Сай айылында көчкү жүрүп, мал-жандыктар ылай алдында калды

 

Баткен районундагы Сай айылында көчкү жүрүп, мал-жандыктар ылай алдында калды. Мындай маалыматты SUPER.KG порталына айыл тургуну Эмил Эшматали уулу кабарлады.

Анын айтымында, көчкү 18-апрелде саат 23:00дөр чамасында түшкөн.

"Көчкүнү айыл тургундары тынымсыз, катуу жааган жамгырдан улам болду деп жатышат. Жаңы тигилген бакты, эгин талааларын басып калды. Ошондой эле талаадагы мал да көчкү алдында калган. Азырынча канча мал топурак алдында калганы белгисиз. Бактыга жараша, жашоочулардан жабыркагандар жок, үйлөргө да жеткен эмес", - деди Эшматали уулу.

Ошондой эле ал көчкүнүн эртеси, 19-апрелде каналдагы суунун деңгээли көтөрүлүп, талааларды каптап кеткенин кошумчалады. Буга байланыштуу андагы мал-жандыктар ылай сууда калган.

"Көчкү жүрүү коркунучу дагы бар. Жаан катуу жааса, ошол эле жерден көчкү түшүшү мүмкүн. Биздин айылда 300дөй түтүн жашайт", - деп билдирди айыл тургуну.


кошулду





Баткендеги Сай айылында көчкү жүрдү

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
19.04.2018. 17:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Кудай сактасын
19.04.2018. 17:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мал табылат. Эң башкысы адамдар жабыркабаптыр.
19.04.2018. 17:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баткенде Озгочо Кырдаалдар Министри иштейби. Алдын алуу жокпу, бул жерге эгин, мал-жандык жайбагыла деп. Тушундуруу иштери журбогондуктун белгиси. Мал-жандык бул уй-булонун кирешеси канчалагандары кирешеден кол жууду.
20.04.2018. 07:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Karakash, Алдын алса деле биз Кыргыздар ойдолоп эле кете беребиз тоо таштарга туз жерлерди туугандарга берип койуп
19.04.2018. 17:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
баткенде өзгөчө кырдаалдар иштейт бирок бүгүн премьер министр шайлап жүрүшөтго көчкү күнөөлүү болуп калыптыр премьер иштен кеткен күнү түшүп
19.04.2018. 18:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай айтылбай келген кырсыктан сактасын.
19.04.2018. 22:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Баткенчилерге жаман болуптур да
19.04.2018. 23:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Боз-Адырдан Сайга салам
20.04.2018. 14:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бийлик кресло талашып жүрүшөт ушундан көрө ушундай жерлерге барып жардам беришсе болмок! Бир нерсе десе эле элди көч десек болбой койгон деп элди күнөөлүү кылышат! Региондорду өнүктүрүү кылабыз дебеди беле кылышпайбы?!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: