super.kg logo
  Саясат  

КСДП премьер-министрликке Мухаммедкалый Абылгазиевдин талапкерлигин жактырды (өмүр баяны)

 

19-апрелде Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын кезексиз отуруму өттү. Анын жыйынтыгында премьер-министр кызматына Мухаммедкалый Абылгазиевдин талапкерлиги бир добуштан жактырылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына депутат Дастан Бекешев билдирди.

Анын айтымында, эртең көпчүлүк коалициясы өкмөттүн курамын карайт.

Абылгазиев Мухаммедкалый Дүйшөкеевич 1968-жылдын 20-январында Нарын облусунун Кочкор районундагы Дөң-Алыш айылында туулган. Ал 1994-жылы Айыл чарба институтунун агрономикалык факультетин, 1997-жылы Кыргыз эл аралык университетинин экономика жана бизнес факультетин аяктаган.

1994-1995-жылдары - "Кыргызстан" финансылык-агро өнөр жай компаниясынын директорунун орун басары;

1995-1997-жылдары - "Ажар" ЖЧКсынын аткаруучу директору;

1997-1998-жылдары - өкмөткө караштуу Чакан жана орто бизнести колдоо боюнча мамлекеттик фонддун эксперти;

1998-1999-жылдары - Биринчи Май райондук калкты ишке жайгаштыруу башкармалыгынын башчысы;

1999-2003-жылдары - Бишкек шаардык калкты ишке жайгаштыруу департаментинин директору;

2003-жылы Социалдык фонддун Ички аудит башкармалыгынын башчысы;

2003-2007-жылдары - Социалдык фонддун Чүй облустук башкармалыгынын башчысы;

2007-2009-жылдары - Социалдык фонддун аппарат башчысы;

2009-2010-жылдары - Социалдык фонддун төрагасынын орун басары;

2010-2016-жылдары - Социалдык фонддун төрагасы;

2016-2017-жылдары - Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн биринчи вице-премьер-министри;

2017-жылдын август, сентябрь айларында - президенттин кеңешчиси;

2017-2018-жылдары - президенттик аппарат башчысынын биринчи орун басары;

2018-жылдын 16-мартынан тарта президенттик аппараттын башчысы.

Үй-бүлөлүү, 2 уул жана 2 кыздын атасы.

Мухаммедкалый Абылгазиев башында "Мухамметкалый Абулгазиев" болуп, кийин аты-жөнүн өзгөрткөн.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 7 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: