super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: Окурман: "Токтогулдун Өзгөрүш айылында мектеп жараксыз абалга келди. Балдар боз үйдө окуп жатышат"

 

Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна караштуу Өзгөрүш айылындагы Анарбек Ибраимов атындагы №36- орто мектеби жараксыз абалга келди. Мындай маалыматты "Элдик кабарга" аталган айылдын тургуну билдирди.

"Учурда 1-2-3-4-класстын окуучулары боз үйдө окуп жатышат. Аба ырайынын кескин өзгөргөнүнө байланыштуу бул боз үйдүн ичинде окуганга да мүмкүн болбой калды. Анткени анын ичинде жерге эч нерсе төшөлгөн эмес, жаан жааган сайын суу өтүп кетет.

Ашкана жок болгондуктан башталгыч класстардын түшкү тамагын "боз үй-классына" алып келип беришип, кайра жыйнап кетишет. Мугалимдердин өзүнчө топтолуп чогулуш өткөрө турган же ортодогу бош саатта план жазып отура турган жери жок. 21-кылымда ушундай билим берүү кантип болсун, башталгыч класстар үчүн окуу программасындагы ар бир тема маанилүү. Ал эми мындай шартта аларды жеткиликтүү окутуу өтө кыйын.

Буга чейин эле биздин мектепти ӨКМ жараксыз деп таап, өткөн жылы эски училищенин имаратына көчүргөн. Бирок ал да жараксыз абалга келгенде ушул көрүнүшкө туш болдук. Сөзсүз эле кулап калганда жаңы мектеп куруш керекпи? Маселени бат чечпесе мугалимдерге да, балдарга да оор болууда", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
19.04.2018. 19:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Биздин чондорго мектеп кызыктырбайт бизде даяр базарды кочуруш даяр нерсени бузуш колдон келет азыр оздору мн оздору ит мышык болтат
19.04.2018. 22:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Болушу мумкун эмес. Супер инфо так эмес маалымат болуш керек.
20.04.2018. 11:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Gulasyl,
Саламатсызбы! Такталган маалымат.
20.04.2018. 20:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Gulasyl,тап так маалымат бул мектеп СССР убагында салыныптыр менин атам окуган мектеп эскилиги жеткени качан бул мектептин.Училище эмес эле мектеп эле болчу.Апам дал ушул мектепте мугалим.
20.04.2018. 20:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Gulasyl,таптак малымат эле чындап эле окууп атышат тууган 4кундон бери
19.04.2018. 23:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Өзгөрүшкө коңшу айылданмын, мындай экенин укпапмын, билбепмин
20.04.2018. 07:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бияктагы элдин абалы бул,а АК Уйдо мындай маселелерди эстегенге эч кимдин колу бош эмес,азыр баары кресло болушуу менен убара,жаны премьер шайлаш керек, оппозиция коалиция тузуш керек...и.т.п.ж.б.
20.04.2018. 11:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Менин мектебим.
26.04.2018. 02:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Балким биздин чондорубуздун балдарын 3-4 кун ушундай боз уйлордо окутуп койсок бир ааз ойлонот беле.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: