Ырчы Мирбек Атабеков кыздуу болду




Бүгүн, 19-апрелде Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабековдун үйүндө наристе үнү жаңырды. Экинчи ирет ата болгон ырчы кырк жылкылуу болду. Бул тууралуу Мирбек Атабеков SUPER.KG порталына билдирди.
"Кызыбыз бүгүн борбордогу төрөт үйлөрүнүн биринде жарык дүйнөгө келди. Төрөт жеңил болду. Учурда эне-баланын акыбалы жакшы. Кызыбыздын ысымын Ыйман деп койдук. Бул атты жубайым кош бойлуу кезинде эле тандап койгон", - дейт ал.
Белгилей кетсек, ырчы 2015-жылы Адам аттуу уулдуу болгон. Адам АКШнын Филаделфия шаарында төрөлгөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:26
2025-08-04
12:56
2025-08-02
Рейтинг:
6

Мирбектин келинчеги жаш болсода абдан акылман аял