super.kg logo

"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: "Сай айылындагы көчкүнү тазалоого эртең техникалар тартылат" дейт акимдин орун басары

 

"Баткен районундагы Сай айылына түшкөн көчкүнү тазалоо үчүн кошумча техникалар тартылат. Бүгүн 1 эле техника иштеп жатат деген туура, ал техника элдин малы өтө албай калган, жергиликтүү тургундарга зарыл болгон жолду ачуу үчүн иштетилди", - деди Баткен районунун акиминин биринчи орун басары Таалайбек Ибраимов.

Анын айтымында, көчкү жүргөн айылга өзү да барып, абалды жеринен көргөн.

"Мен барганда ӨКМнын аймактагы өкүлдөрү да барышты. Жер көчкүнү көргөндөн кийин кандай жумуштарды аткаруу керектигин тактоо үчүн атайын комиссия түзүлдү. Ошол жерде 150 метрдей арык пайда болгон, ошону ордуна келтирүү, көчкүнү сүрүү үчүн эмне техника керектигин иликтеп жатат. Комиссиянын чечими менен техникалар тартылат. Техника бүт жетиштүү, болгону аткарылчу иштерди тактап алуу зарылчылыгы бар эле", - деди Ибраимов.

Ошондой эле ал ичүүчү суу айылдын айрым гана бөлүктөрүндө жок болуп жатканын, абалды жөнгө салуу үчүн эртеңден тартып керектүү жумуштар аткарыларын кошумчалады.

"Тургундардын башкы маселеси - каналдын суусу ашып, мал өтчү жол жабылып калган эле. Адегенде ошол жолду ачып бердик. Ал эми сугат сууну да калыбына келтиребиз", - деп айтты Ибраимов.

Айта кетсек, буга чейин Сай айылынын тургуну 45 миң куб көчкүнү жалгыз эле техника менен тазалап жатышканын кабарлаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
19.04.2018. 20:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кабар чыкпаганда техника да жок эле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: