Бүгүн Жогорку Кеңеш жаңы өкмөттүн курамын бекитет



Бүгүн, 20-апрелде Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны өтөт. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жыйындын күн тартибинде өкмөттүн программасы, ошондой эле түзүмүн жана курамын бекитүү маселелери каралат. Төрага Дастанбек Жумабеков депутаттарды жыйынга саат 09:30га чакырууда.
Айта кетсек, кечээ, 19-апрелде Жогорку Кеңеш өкмөткө ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алган. Буга байланыштуу президент Сооронбай Жээнбеков өкмөттү отставкага кетирген. Жаңы премьер-министр кызматына Мухаммедкалый Абылгазиевдин талапкерлиги каралат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

