super.kg logo
  Саясат  

Эдил Байсалов: "Сапар Исаковдун өкмөтү кыйшык отурганын башында эле айтканбыз"

 

Өкмөткө ишеним көрсөтпөө чечими туура болдубу деген SUPER.KG порталынын суроосуна жарандык активист Эдил Байсалов төмөнкүдөй пикирин билдирди.

Анын айтымында, Сапар Исаков элдин колдоосуна ээ болгон жок. "Сапар Исаковдун өкмөтү кыйшык отурганын биз башынан эле айтып келгенбиз. Эч кандай өзүнүн саясий базасы же элдин колдоосуна ээ болгон эмес. Жалгыз бир адамдын ишенимине ээ болгон. Ошол жалгыз бир адам Исаковду көтөргөн.

Кыргыз эли жаштар келди деп үмүт кылган. Бирок "liglass" жана "Huawei" менен келишимдин үзүлгөнү сыяктуу жаңылыштыктары көп болду. Сооронбай Жээнбеков жумуштан алган кишини кайра Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча кызматына төрага кылып дайындады. Буга чейин көптөгөн премьер-министрлер кызматтан кеткен, бирок ишенбөөчүлүк менен Сапар Исаков эле кетип жатат. Эми ал экс-премьер-министр деп аталбай калат", - дейт Байсалов.

Ишенбай Кадырбеков, Марс Сариев, Курманкул Зулушев жана башка саясатчылардын пикири төмөнкү шилтемеде.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -3 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: