super.kg logo
  Саясат  

Марс Сариев, саясий серепчи: "Өкмөттүн отставкага кетиши күтүлгөн нерсе болчу"

 

Өкмөткө ишеним көрсөтпөө чечими туура болдубу деген SUPER.KG порталынын суроосуна саясий серепчи Марс Сариев төмөнкүдөй пикирин билдирди. Ал Сапар Исаков жана анын командасы жаш реформаторлор, алардын тажрыйбасы жок деп көптөгөн ийгиликсиз иштер болгонуна токтолду.

"Өкмөттүн отставкасы күтүлгөн нерсе болчу. Анткени Сапар Исаков жана анын командасы - жаш реформаторлор. Алардын тажрыйбасы жок болгондуктан көптөгөн ийгиликсиз иштер болду. Мисалы, "liglass" менен келишимдин үзүлүшү жана башка окуялар. Менин оюмча, экс-президент Алмазбек Атамбаев бул убакытка чейин ийгиликсиз иштерден кийин жаш реформаторлор жөнүндө маселе токтотула турганына ишенген. Мындан кийин ал бул кызматка өзүнүн тегерегиндеги тажрыйбалуу саясатчыны коём деп ойлогон болуш керек. Бирок азыркы президент өз алдынча иш алып барып, абал бир аз өзгөрүп, парламенттеги саясий топтор кызматтар боюнча бир пикирге келишип, өкмөттүн отставкасы тездетилип кетти", - деген ойду Марс Сариев билдирди.

Эдил Байсалов, Бакыт Бакетаев, Курманкул Зулушев жана башка саясатчылардын пикири төмөнкү шилтемеде.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: