Баткен облусунун тургундары өзбек чек арачылары Кыргызстандын жаранын атып салганы үчүн митингге чыгып, Баткен-Ош жолун тосушту
Баткен облусунун тургундары өзбек чек арачылары Кыргызстандын жаранын атып салганы үчүн митингге чыгышты. Бул тууралуу бүгүн, 20-июнда ЖКнын жыйынында депутат Ташполот Балтабаев билдирди. Эл өкүлү Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын маалыматын угууну сунуштады. “500гө жакын митингчилер Баткен - Ош жолун тосуп алышыптыр. Алар бийликтин бул маселеге көңүл буруусун суранып жатышат. Биз тиешелүү иштерди жүргүзүүбүз керек”,- деди эл өкүлү. Депутаттын бул пикирин кесиптештери колдошту.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
Рейтинг:
0

