ЖЫЛНААМА, 20-АПРЕЛЬ: Америкалык модель, актриса жана ырчы Кармен Электра 46 жашка чыкты
Америкалык модель, актриса, ырчы жана бийчи Кармен Электра 1972-жылы 20-апрелде Огайо штатындагы Шеронвиллде төрөлгөн. Анын өзүнүн аты Тара Ли Патрик.

9 жашынан баштап бий мектебине бара баштаган. Карьерасын 1990-жылы Огайодогу "It’s Magic" деген шоудо бийчи катары баштаган. 1991-жылы Калифорнияга көчүп келип, "Paisley Park Records" менен келишим түзүп, ырчылык кесипти аркалоону чечкен. Дал ошол кезде атын Кармен Электрага алмаштырган.

1995-жылдан баштап ар кандай телеберүүлөргө чыга баштаган. 1996-жылы май айында атактуу болгон "Playboy" журналына сүрөттөрү чыккан соң ал атактуулукка жетип, "Малибу куткаруучулары" (Спасатели Малибу) сериалына тартылган. Аталган журналга дагы 4 жолу чыкканга жетишкен. Андан соң дагы бир нече комедия жанрындагы тасмаларга тартылган.

1999-жылдан тартып клиптерге тартылып, стриптиз бийин бийлеп ар кандай шоулорго катышкан. 2002, 2005, 2006, 2007-жылдары "Дүйнөнүн сексуалдуу айымдары" тизмесинде алдыңкы орундарга ээ болгон.



-1
1 |

Супер-Инфо
super.kg видео
















