super.kg logo

Сокулуктук 15 жаштагы өспүрүм табылды. Ал 18 күндөн бери компьютердик клубда түнөп жүргөн

 

Сокулук районунда изделип жаткан Никита Пермяков табылды. Бул тууралуу 20-апрелде SUPER.KG порталына Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 15 жаштагы өспүрүмдү көргөн күбөлөр ата-энесине чалып анын жүргөн аймагын кабарлашкан.

"Кабарлангандан кийин ал жүргөн аймакты издөөгө алып, бала табылды. Ал 2-апрелден бери дайынсыз болуп жаткан. Өспүрүм 18 күндөн бери Сокулуктун аймагындагы компьютердик клубда түнөп жүргөнү аныкталды. Ал күндө тилемчилик кылып, тапкан акчасы менен компьютердик клубда жүрө берген", - дейт басма сөз кызматы.

Маалыматта Никита Пермяков буга чейин да үйүнөн бир нече жолу качып жүргөндүгү кошумчаланат.

"Ошондой эле аталган аймактан дагы бир өспүрүм 8-апрелден бери изделип жаткан. Ал да 20-апрелде табылып, ата-энесине өткөрүлүп берилди. Бул өспүрүмдүн да компьютердик клубда түнөп жүргөнүн аныктадык", - деп айтылат маалыматта.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
20.04.2018. 13:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Клубтун ээсинин бала чакасы жок бекен? Башканыда одундой ойлоп бар уйуно бар дебейби?
20.04.2018. 17:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Pandora,компьютер коп да ал карагандар смен мн иштешсе кр ким бар ким жок карашпайт да алар
20.04.2018. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушул компьютердик оюн ойноткон клубдарды жабыш керек пайдасынан зыяны көп. Канча өспүрүмду азгырып жатышат акчасына кызыгып
21.04.2018. 07:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Baku88, Компьютердик оюндар адамдын мээсин өстүрөт, керектүү учурда ыкчам чечим кабыл алууга үйрөтөт. Баласына компьютер сатып бергенде, мындай болмок эмес. Өзүнүн үйүндө болсо, ойноп ойноп акыры тажап да калат, себеби ээркин ойнойт. А комп клубда убакыт чектелуу, аягына жете албайсын, анда кундо азгырылып бара берет. Озундун компуңда каерге келсең ошол жерге токтотуп, кийин улантып кете бересин. А комп клубда сактап коюга мумкун эмес. Албетте кайсыл оюнду ойногонуна карап.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: