Бишкекте VI "Билим фестивалы" башталды





Бүгүн, 20-апрелде Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинде "Кыргыз мамлекетинин маданий көп түрдүүлүгү: досторума мейманга" деген аталыш менен VI "Билим фестивалы" башталды.
"Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фонду, Бишкек шаарынын мэриясы, ЮНЕСКО иштери боюнча Кыргыз мамлекетинин улуттук комиссиясы жана Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университети тарабынан уюштурулган бул иш-чарага окуучулар, студенттер, мамлекеттик жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышууда.
Фестивалдын биринчи күнүндө аталган окуу жайда экскурсия уюштурулду. Билим фестивалынын кийинки күндөрү концерт, дүйнө элдеринин бийлери, дүйнөнүн ар башка тилдериндеги саламдашуу сөздөрүнө үйрөтүү жана студенттердин дебаттары менен коштолот. Мындан тышкары мектеп окуучулары үчүн мастер-класстар, ЗD планетарий жана кесипке багыт берүүчү көргөзмө уюштурулат, ал мектеп окуучуларына келечектеги кесипти тандоого жардам берет.
2013-жылдан бери өткөрүлүп келе жаткан "Билим фестивалынын" негизги максаты жаштарды Кыргыз өлкөсүндө жашаган ар түрдүү этностук топтор менен тааныштырууга жана алардын маданий өз алдынчалыгын урматтоого тарбиялоого багытталган.

