Орус драма театрынын мурдагы жетекчиси Борис Воробьёв кармалды
19-июнда Бишкекте Ч.Айтматов атындагы орус
драма театрынын мурдагы жетекчиси Борис Воробьёв козголгон кылмыш иши боюнча кармалды. Бул
тууралуу Бишкек ШИИБинин басма сөз кызматы билдирди. Б.Воробьёв Бишкек ШИИБинин
убактылуу кармоочу жайына жеткирилди. Ал жакта баш коргоо чарасы тууралуу
маселе чечилгенче 21-июнга чейин
кармалат. Эске сала кетсек, 3-майда Башкы прокуратура орус драма театрынын бир нече кызмат адамдарына,
анын ичинде мурдагы жетекчиси Борис Воробьёвго "кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу", "документтерди, штамптарды, мөөрлөрдү уурдоо, жок кылуу, бүлүндүрүү же катып
салуу" жана "кылмыш жолу менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу" беренелери
менен кылмыш ишин козгогон.
Автор: Сапар Акунбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
Xamer

20.06.2013. 10:53
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн туура, бул театрды оз менчигине айландырып, тегерегин сатып да жиберген.
Patron

20.06.2013. 11:10
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул сууга чокпойт
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.