super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Оштогу Масалиев көчөсү жылуулук түтүктөрүн алып өтүү үчүн казылган боюнча калыбына келтирилбей турат" дейт окурман

 

"Ош шаарындагы негизги көчөлөрдүн бири - Масалиев. Ушул көчө аркылуу өткөн жылдын октябрь айында жылуулук түтүктөрүн алып өтүү үчүн асфальтты сыйрып, казышкан. Бирок дээрлик 1 жылга жакын убакыт өтсө да ал жер калыбына келтирилген жок", - деп окурман "Элдик кабар" рубрикасына WhatsApp аркылуу жазды.

Анын айтымында, асфальты жок жерге кээде топурак төгүп коюшат. Бирок ал жаан жааганда унаалардын дөңгөлөгүнө баткак болуп жабышып, ысыкта чаң болуп жатып жок болот.

"Мындан тышкары, шаардагы А.Навои мектебинин тушундагы көчөнү да казып, түтүк алып өтүшкөн. Бирок ал жер да кайра оңдолгон жок. Шаар тургундарына, айдоочуларга ыңгайсыздык жараткандан тышкары негизги көчөлөрдүн биринин ушундай абалда турганы уят көрүнүш", - деп жазды окурман билдирүүсүндө.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
20.04.2018. 21:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жарым жыл болду окшойт Ош шаарынын мери качан интернетке чыканда ондойт ага чейин карабайт Мелис Мырзыкматовтой эч ким иштей албай жатат
20.04.2018. 22:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ай бул жерди деле каанчалаган миллионго кылган. Мындан жакшысыны мамлекеттен миллиард акча болунсо кылышы мумкун.
21.04.2018. 00:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Негизи ушундай асфальтты чукуганын коюшса. Газпром турба коюш учун казган ямалары Оштун кире беришинен жана ичиндеги асфальттын баарын бузду. Козомолдогон эч ким жок
21.04.2018. 01:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Шаардын жетекчилигине көп нерсе байланыштуу,каланын эң негизги борбордук көчөсү уят!Мелис Мырзакматовдой мэр болуп иштеген адам жок.
23.04.2018. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооба ушул чункурга айтмамат озу тушкондо ондолот оккшойт
25.04.2018. 04:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кече кордум кочону срочно ондошуптур Эптеп септеп
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: