super.kg logo
  Саясат  

Рита Карасартова, укук коргоочу: "Өкмөткө келе турган адамды эмес, анын демилгесин талкуулоо зарыл"

 

SUPER.KG порталынын өкмөттүн жаңы курамында кайсы кадрдык чечимдер туура, кайсы чечимдер ката болду деп эсептейсиз деген суроосуна укук коргоочу Рита Карасартова жооп берди.

Рита Карасартова өкмөттү отставкага кетирүүдө эң чоң жаңылыштык бар экенин билдирди. Эмне үчүн кызматтан кетип жаткандыгын, кетирген мүчүлүштүктөрүн кароо зарылдыгын белгиледи. "Өкмөттү отставкага кетирип жатканда анын мүчүлүштүктөрүн карап чыгуу керек. Бизде бир чечим менен кетирип анын ордуна башка бирөөнү алып келишет. Эмне себептен мурункуларды кетирди, ишинде эмне мүчүлүштүктөр болду? Ошолордун баарын талкууласа, кийинки келе тургандар "мен ошондой каталарды кетирбейин" деп келишмек. Жаңы келип жаткан өкмөт курамы "мен мындай реформаларды жасайм" деп убада бериши керек. Эл жетекчи убадасына туруп жатабы, карап баа бериши зарыл. Келгендердин баарынын эле программасы жок жөн эле келип, кайра жөн эле кетип жатышат. Кыргыз мамлекети эксперимент кыла турган базабы? Биздин жашообуз менен эксперимент кылбоо зарыл. Мүчүлүштүк кылгандарды жоопко тартканды көрө элекпиз. Биздин чоң кемчилик бул биз жөн эле адамдарды талкуулап, жакшы адам, мейли келсин деп жатабыз. Бул, албетте, туура эмес. Адамды талкуулаганды токтотуп, алардын демилгелерин талкуулаш керек", - деди Карасартова.

Бахадыр Сулейманов, Рыскелди Момбеков, Эмилбек Каптаев жана башка саясатчылардын пикири төмөнкү шилтемеде.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: