super.kg logo
  Саясат  

Динара Ошурахунова, укук коргоочу: "Өкмөттүн өзгөргөн курамы реформа, чоң иштерди жасаган кызматкерлер деп айта албайм"

 

SUPER.KG порталынын өкмөттүн жаңы курамында кайсы кадрдык чечимдер туура, кайсы чечимдер ката болду деп эсептейсиз деген соболуна укук коргоочу Динара Ошурахунова пикирин билдирди.

Ошурахунова Мухаммедкалый Абылгазиевди жана башка өзгөргөн өкмөттүн курамындагы адамдарды реформа, чоң иштерди жасаган кызматкерлер деп айта албай турганын белгиледи. "Абылгазиев Социалдык өнүктүрүү фондунда иштеп жүргөндө реформа жасаган деп да айта албайм. Президенттик аппараттын жетекчилигинде турганда башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кызматтан кетирүү боюнча президенттин сунушун далилдер менен даярдабаганын айтсак болот. Жогорку Кеңештин депутаттары президент эмне себептен Жолдубаеваны алып жаткандыгын сураганда так жооп бере алган жок. Аппарат жетекчи катары сунушту далилдер менен даярдашы керек болчу. Мени таң калтырганы мурунку өкмөттү кетирип, эртеси кайра жаңы өкмөттү түзүп жатканы болууда", - дейт укук коргоочу.

Бахадыр Сулейманов, Рыскелди Момбеков, Эмилбек Каптаев жана башка саясатчылардын пикири төмөнкү шилтемеде.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: