super.kg logo
  Саясат  

Бахадыр Сулейманов, депутат: "Бүгүнкү түзүлгөн өкмөткө кандай кадрлар келгенин убакыт берип иштетип көрүп айтыш керек"

 

SUPER.KG порталынын өкмөттүн жаңы курамында кайсы кадрдык чечимдер туура, кайсы чечимдер ката болду деп эсептейсиз деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Бахадыр Сулейманов жооп берди.

"Бүгүнкү түзүлгөн өкмөткө кандай кадрлар келгенин убакыт берип, иштетип көрүп айтыш керек. Өкмөттүн курамы өтө тез түзүлдү, балким алдыда айрым министрлерде алмашуу болуп калышы мүмкүн. Арасында кээ бир министрлерге ишеним аз, мисалы Саламаттыкты сактоо министрлигине жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигине келген министрлердин ишин убакыт көрсөтөт. Биздин фракция да бул тууралуу жаңы өкмөт башчылыкка келе турган Абылгазиев менен жолукканда айттык, ал өзү да өкмөттүн курамын аныктоодо убакыт тар болгонун, азырынча бир нерсе айтуу эрте экенин, азыркы курам иштей ала турганын билдирди", - деди Сулейманов.

Рыскелди Момбеков, Рита Карасартова, Динара Ошурахунова жана башкалардын пикири төмөнкү шилтемеде.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: